Миллион юань берем! Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан кишини сыйлайт

© AP Photo / Casey CurryАтактуу кытай актеру Жеки Чан. Архив
Атактуу кытай актеру Жеки Чан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан каза тапкандардын саны 811ге жетти. Адистер 2003-жылы чыккан SARS вирусунан өлгөндөрдөн дагы көп болуп кеткенин айтууда. Андан 349 киши көз жумган.

БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Атактуу кытай актеру Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань (10 миллион сомдун тегереги) берем деп убада кылды. Бул тууралуу Strait Times басылмасы жазды.

"Илим менен технология вирус менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу. Мен коронавируска каршы дары болушунча эрте табылып калат деп үмүт кылам”, — деди актер.

Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрь күнү ДСУга Хубэй аймагындагы белгисиз пневмония дарты жөнүндө маалымат берген. Адистер ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгогонун аныкташкан. Жекшемби күнкү маалыматка караганда, коронавирустан каза тапкандардын саны 881ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0