Кытайда коронавирустан 881 адам каза болуп, 2729 бейтап айыкты

© REUTERS / KYODOМедициналык маска кийген адамдар
Медициналык маска кийген адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жугуштуу оорудан коргонуу максатында Кыргызстан Кытай менен аба каттамдарын токтотуп, чек арасын жапкан.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Коронавирус илдетинен 2 729 адам айыгып чыкканы туурасындагы маалымат АКШнын Жон Хопкинс университетинин алдындагы Системалуу иликтөө жана инжиниринг борборунун сайтына жарыяланды.

Соңку маалымат боюнча, ооруну жуктургандардын саны 37 миңден ашып, 813 киши каза болгон.

Атактуу кытай актеру Жеки Чан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миллион юань берем! Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан кишини сыйлайт
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

Коронавирустан коргонуу максатында Кыргызстан Кытай менен аба каттамдарын токтотуп, чек арасын жапкан. Ухандан 18 кыргызстандык Бишкеке алып келинди, бирөө учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0