Кытайдагы куш тумоосунун жайылып жатканы кабарланды

© REUTERS / KYODOРаспространение птичьего гриппа
Распространение птичьего гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куш тумоосу Наньчун шаардык округунун Сичун уездиндеги фермалардын биринде катталган. Фермадагы эки миңден ашуун үй канаттууларынын 1840ы вирустан улам кырылып калгандыгы кабарланган.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Сычуань провинциясында H5N6 деп аталган куш тумоосу жайылгандыгы, бирок анын кишиге жуккан учуру каттала электиги кабарланды. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Аталган окуя Наньчун шаардык округунун Сичун уездиндеги фермалардын биринде катталган. Фермадагы 2497 үй канаттууларынын 1840ы вирустан улам кырылып калгандыгы кабарланган.

Медициналык маска кийген адамдар - Sputnik Кыргызстан
Кытайда коронавирустан 881 адам каза болуп, 2729 бейтап айыкты
Эпидемиядан кийин жергиликтүү бийлик оорунун таралып кетишин алдын алуу максатында зарыл чараларды көрүп, 2,26 миңден ашуун үй канаттуусу жок кылынган.

Буга чейин февралдын алгачкы күндөрүндө коронавирус илдетинин очогу болгон Хубэй провинциясынын түштүк тарабы менен чектешкен Хунань провинциясында куш тумоосунун жогорку патогендүү H5N1 түрү аныкталганы кабарланган. Жергиликтүү бийлик илдетти жайылтпоо максатында 17,8 миң үй канаттуусун жок кылганы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0