Мушкерлер. Архивдик сүрөт

Мушкер кыз каршылашын аңтара тепти. Видео

1763
Эки америкалык мушкер Канзас-Сити шаарында беттешкен. Жерге сулап жатып калган спортчуну рефери өзүнө келтирген.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Аралаш мушташ (MMA) Invicta FC 39 турнирине чыккан америкалык мушкер Эрин Бланшфилд укмуштуудай соккусу менен жеңишке жетти.

Беттештин видеосу UFC Fight Рass Twitter аккаунтуна жарыяланды. RT телеканалынын билдиришинче, америкалык спортчу АКШдагы Канзас-Сити шаарында өткөн турнирде Виктория Леонардо менен беттешкен.

Экинчи раундда Бланшфилд чабуул жасап, атаандашын кулак түпкө тээп сулаткан. Катуу соккудан улам жерге жатып калган Викторияны бир саамдан кийин рефери өзүнө келтирген.

Бланшфилд спорттук карьерасында беш жолу жеңишке жетип, бир ирет жеңилүү ызасын тарткан.

1763
Белгилер:
мушкер, жеңиш, нокаут
Тема боюнча
Чукагяндын маңдайын жарып, ай-буйга келтирбей урду. Шевченконун жеңиши видеодо
Атаандашын 18 секундда көтөрүп чаап нокаутка кетирген мушкер. Видео
Мушкер атаандашынын алдынан бошонуп чыгып, тизеси менен нокаутка кетирди. Видео
Шевченко менен Чукагяндын беттеши. Тексттик трансляция
38-летняя Соланж де Гонсалвес в своем доме в Сан-Гонсало в 35км к северу от Рио-де-Жанейро, Бразилия. 28 августа 2012 года

100 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун жолдорун айтып берди. Сүрөт

10
(жаңыланган 10:05 30.11.2020)
Америкалык Жеки Робертс жүз килограмм салмактан арылган соң өзүн кадимкидей сергек сезип калгандыгын айтып берген. Эми ал дагы 45 килограммга арыктоону максат кылып турат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. АКШдагы Мичиган штатынын 38 жаштагы жашоочусу Жеки Робертс 97 килограммга арыктагандыгын РИА Новости жазды.

​Мындай жыйынтыкка ал бир нече жылдык эмгегинин артында жеткен. Аял арыктоо туурасында кичинекей тууганы жарыкка келгенден кийин ойлоно баштаган. Себеби, өтө толуктугу баланы колуна алып же аны ойнотууга мүмкүнчүлүк бербей турганы айтпаса да түшүнүктүү эле. Жеки Робертстин салмагы ал учурда 250 килограммга жетип калган.

Ошентип аял арыктоо камын көрө баштаган. Алгач кадимки тамактардан баш тартууга туура келген. Тагыраагы, эт менен таттууну такыр жебей калган. Тамакты ташытып ичкен адатты таштаган. Үч жылда аял 56 килограммга арыктаган. Андан соң жегендеринин көлөмүн азайып, сууну көп ичкенге өткөн. Мындан сырткары, спорт жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланат да, мунун аркасынан дагы 37 килограмм салмагын таштайт. Ошентип баш-аягы 97 килограммга арыктайт. Жеки Робертс мынчалык салмактан арылган соң өзүн жеңил жана сергек сезип калгандыгын айтып берген. Эми ал дагы 45 килограммга арыктоону максат кылып турганын кошумчалаган.

"Мендеги холестерин менен гликогемоглобиндин деңгээли ылдыйласын деп жатам. Кеп сенин сырткы көрүнүшүңдө эмес, кеп андан да маанилүү болгон — ден соолуктун чың болушунда", — деген Робертс.

Бул каарман аял негизи адамдын өз күчүнө ишениши өтө маанилүү экендигин айткан. Ал спорттук машыгууну өткөрүп жиберсе же ашыкча азык жеп алса, өзүн эч качан жемелеп, урушпаш керектигин белгилеген. Мындан сырткары, арыктоо үчүн убакыт керек дейт.

10
Белгилер:
ишеним, аял, ден соолук, спорт, арыктоо, АКШ
Тема боюнча
Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди
Бишкектик жигит бир жылда 60 килограммга арыктады! Шыктандырган видео
Аял дүкөндө арзандатуу учурунда. Архив

Америкалыктар "арзандатуу жумасында" 9 млрд. доллар коротту

28
Быйыл бут кийим менен зер буюмдарга суроо-талап төмөндөп, тиричилик техникасы менен уюлдук каражаттарды көп сатып алышкан.

БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. АКШнын тургундары "арзандатуу жумасында" онлайн-сатып алууларга тогуз миллиард доллар коротту. Бул туурасында AP басылмасы жазды. 

Коронавирус пандемиясынан улам америкалыктардын басымдуу бөлүгү арзандатуу күнүндө дагы үйүндө болуп керектүү буюм-тайымдарды интернет аркылуу сатып алышканы белгиленет.

Былтыркы "арзандатуу жумасында" АКШда 7,4 миллиард сомдук соода жүргүзүлсө, бул сумма 2018-жылы 6,2 миллиард долларды түзгөн.

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бут кийим менен зер буюмдарга суроо-талап төмөндөгөн, деген менен тиричилик техникасы жана уюлдук каражаттар көп сатылган.

Эксперттер "кибер дүйшөмбү" күнү ("арзандатуу жумасынан" кийинки күнү онлайн-дүкөндөрдө сатып түгөтүү башталат) АКШнын онлайн соодасынын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болорун күтүп жатат. Америкалыктар бул учурда 10,8ден 12,7 миллиард долларга чейин жумшашы мүмкүн.

28
Белгилер:
онлайн-сатуу, арзандатуу, АКШ
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш 11,6 миллион сомго техника сатып алууну көздөп жатат
Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив

"Унаа" мекемесине караштуу бир бөлүмдүн иш графиги өзгөрөт

0
(жаңыланган 10:01 30.11.2020)
Мамлекеттик мекеменин борбордук аппараты менен жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калтырылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин "Риом" унаа базарында жайгашкан бөлүмүндө 1-декабрдан тарта жаңы иштөө графиги түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган бөлүм декабрдын башынан тарта дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү иштейт. Ал эми бейшемби жана жума күндөрү дем алыш болуп эсептелип, бөлүм жабык болот.

"Жумуш убактысы ошол бойдон калат. Тагыраагы, саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт. Ал эми 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик мекеменин борбордук аппараты менен жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калтырылган.

0
Белгилер:
өзгөрүү, тартип, график, унаа, каттоо кызматы
Тема боюнча
Мамкаттоо 604 миң сомго автоунаанын бир номерин жана эки "ХАН" сатты