Пермь крайынын кызыктары: "Доктор Живагонун" шаары кандай кулпурууда?

CC BY-SA 4.0 / Дмитрий (DimasPooh) / Драматический театр города Пермь
Драматический театр города Пермь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пермь шаарын Борис Пастернактын "Доктор Живаго" роман-эпопеясындагы Юрятин сымал элестеткендер Приуральенин бүгүнкү борбор калаасына бир эсе таң калышса, бир чети суктанышат болуш керек.

Карда жүргүчтөрдүн суу үстүндөгү жарышы, ичине турп салынган майда май токочтор (посикунчиктер), таштуу токой, фиш-экстаз (балык-экстаз) жана башка жергиликтүү саамалыктар туурасында биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин бул материалынан таанышыңыздар.

Тамшандырган жергиликтүү ашкана

Саякатыңыз боюнча күн демиңизге "пермдик ашканадан" көзүңүз да, кардыңыз да тойгончо татып көрүүнү белгилеңиз. Анда Уралдын болгон этно, био ар түрдүүлүктөрү жуурулушкан. Ар бир улуттук тамак жаңыча түр алган. Мисалы, жергиликтүү пельнян – багыштын этинен же чортон балыгынан салынып, кооз бекитилген чүчваранын түрү. 

© Фото / РИА Новости / Евгений ОдиноковЧортон балыгынан даярдалган колдун чүчварасы
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Чортон балыгынан даярдалган колдун чүчварасы

Ашкана чеберлери посикунчиктерге (майда май токочторго) бирде кадимки эттин ордуна бал турпунан салышат, бирде вакуумдук баштыкта же меште демдеп бышырып коюшат да, анан жеген кишини: "Оозго салсаң эриген бул эмне эле?" – деп ойлондурушат. 

© Фото / ресторан "Национальный" в г. КудымкарПистиктерден даярдалган шорпо
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Пистиктерден даярдалган шорпо

Бир гана жери — ашкана чындап бул крайларга таандык. Эгер Пермге барып калганыңызда кырк муун чөптүн убагы өтүп, эбак жаш эмес, даярдоого жараксыз болуп калса, анда даңкы далайга тараган пистиктерден – кара муундун жаш бутактарынан даярдалган азыктан ооз тийбей каласыз. Бирок жайнаган башка тамак-аштардын түрүнөн байкабай деле калышыңыз ыктымал. Тегин жерден гастроресторандардын биринин дубалында: "Расслабься, ты в Перми!" деген жазуу илинбеген чыгар. 

© Фото / ресторан "Национальный" в г. КудымкарПистиктерден даярдалган тамак
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Пистиктерден даярдалган тамак

Евразиячылдыктын белгилери бул жерде ар кай бурчтан байкалат. Жомоктогудай аталышынан оңтойсузданбай эле койсоңуз болот.

Покча же Ныроб айылдарынан жергиликтүү азык-түлүктөрдөн улам накта италиялык ашканага жакындыкты байкайсыз, мисалы, литрлик банкаларга араң баткан туздалган ак козу карын. 

© Фото / Администрация Еловского муниципального районаПермь крайынын Елово айылында өтчү "Елово балыгы" фестивалынын статуэткасы
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Пермь крайынын Елово айылында өтчү "Елово балыгы" фестивалынын статуэткасы

Воткин суу сактагычынын боюндагы Елово айылында жыл сайын өткөрүлчү тамак-аш фестивалы жана балыкчылык таймаштардын аркасында чортон менен тыран, жаян балык менен налим, жоко менен кылык балыктардын катышуусундагы фиш-экстазды көрүүгө болот.

Чыгармачылыктын учу-кыйыры жок

Пермдиктер "жайдары, меймандос, боорукер, анан да бир аз башкачараак" деп жазган XIX кылымда Мельников-Печерский. Үчүнчү миң жылдыктын башындагы ошондой жагымдуу айырмачылык катары социалдык-маданий мейкиндиктердин ачылышын атасак болот. 

© Фото / Завод Шпагина "Шпагин заводунда" өтчү Дягилев фестивалы
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
"Шпагин заводунда" өтчү Дягилев фестивалы

"Шпагин заводу" долбоору — туристтик программада сөзсүз камтылат. Бул жакта 1981-1990-жылдары туулган пермдиктер дем алыш күндөрүн өткөрүшөт. Коомдук жайларды уюштуруу жагынан европалык жана америкалык тажрыйбалардан эргүү алган жергиликтүү архитекторлор паровоз оңдоочу цехтерге жана анын айланасын таанылгыс кылып жаңырткан.

Спектакль, концерттер коюлчу, көргөзмөлөр өткөрүлчү жайлар да жасалган. Мисалы, ушул айда адатта тамак-аш фестивалы жана жаштар форуму өтмөкчү. Курулуштардын бир бөлүгүн Пермь көркөм галереясынын жана Пермдин эзелкилер музейинин филиалдарына берилген. 

CC BY-SA 3.0 / shakko / Пермь мамлекеттик көркөм сүрөт галереясы
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Пермь мамлекеттик көркөм сүрөт галереясы

Дагы бир өзгөчөлүк — Пермдин эспланадасы. Бул – шаардын чок ортосундагы европалык типтеги сейил аймагы: фонтан, бионикалык формалардын шибер менен жабылган павильондору, селкинчектер, сезондук аттракциондор. Кышкысын муз аянттары, жылгаяк секи, муздан жасалган скульптуралар курулат.

Европалашкан аймак

Америка менен Евразиянын чек араларын изилдеген Экинчи Камчатка экспедициясы (1733-жыл) башталган убакта Пермдеги Оса шаарында Витус Беринг түнөп кеткен. Андай тарыхый окуянын жана изилдөөчүнүн урматына мында деңизде сүзүүчү сыңар мамылуу кеменин формасындагы жыгачтан арт объект тургузулган. 

© Фото / официальный сайт Осинского муниципального районаОсадагы Витус Берингдин сквериндеги бот
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Осадагы Витус Берингдин сквериндеги бот

Бирок тайманбас жол башчынын руху ушул эле эстеликте эмес, "Беринг акваториясы" аттуу экстремалдык спорт түрлөрү боюнча фестивалга жыл сайын курч мүнөз жаштарда да сакталгандай. Деңиз жээгиндеги европалык кечеге окшоп кетет ал иш-чара. Бирок Кам жээгинде чоңойгон балдардын өтө өзгөчө эрмеги — суу үстүндө карда жүргүчтөр менен жарышуу.

Чусова жана Усьвинские столбы дайраларынын жээгиндеги таштуу токой — грек Метеорлоруна түспөлдөшөт. Кесек-кесек акиташтар кургап калган тоо тулкусунда байыркы кораллдардын, моллюскалардын (миллиондогон жылдар оболу деңизди байырлаган жандыктардын) издери кездешет. 

CC0 / Pixabay / Vyacheslav LozhkinУсьвинские столбы аймагы
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Усьвинские столбы аймагы

Бул жерлерди эбак россиялык тасма жаратуучулар да "багындырып", "Время первых" (The Spacewalker – "Космостук саякатчы"), "Сердце Пармы" - Heart of Parma – "Парманын жүрөгү" жана башка табияттан эргүү алган киносериялар жаралган. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Девчата" көркөм тасмасынан кадр
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
"Девчата" көркөм тасмасынан кадр

Баса, "Девчата" тасмасындагы айтылуу сахналар да ушул жакка жакын жерде тартылган.

Суу чөйрөсү

Суу жээгин мындагы калк болушунча пайдаланат. XIX кылымдын аягында – шаарлар суу панорамасын пайда менен колдонушкан убакта эле Пермь Кам дайрасынын тегерегиндеги сейилдөөчү аймак куруп алган. Бүгүн жергиликтүү тургундар, алардын арты менен туристтер да дарыянын жээгиндеги көргөзмө, концерт, жыл бою өтчү "Дайра жээгиндеги дем алыш" долбоорунун алкагындагы инсталляцияларына көнүп алышкан. 

CC0 / A.Savin / Каманын жээгинен ажайып көрүнүш
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Каманын жээгинен ажайып көрүнүш

Европанын эң көлөмдүү шаарларынын (70 чакырымдан ашыгы дайра жээги) бири болгон Пермде алар үчүн орун ар дайым табылат. 

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКама дарыясынын жээгинжеги "Бакыт ыраакта эмес" жазуусу
Пермь крайынын кызыктары: Доктор Живагонун шаары кандай кулпурууда? - Sputnik Кыргызстан
Кама дарыясынын жээгинжеги "Бакыт ыраакта эмес" жазуусу

Британдык туристтер тамашалагандай, суу жээгиндеги шаарга көрк берип турган "Бакыт ыраакта эмес" – "СЧАСТЬЕ НЕ ЗА ГОРАМИ" деген жазууга таамай жоопту – Пермдин эң тынч "Демидково" санаторийиндеги эки метрлик арт объектисинен таба аласыздар: "СЧАСТЬЕ ЗДЕСЬ!"

Жаңылыктар түрмөгү
0