Коронавируска каршы алгачкы вакцина бир жарым жылдан кийин чыгары айтылды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүВакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, вакцина иштеп чыгуу изилдөө иштеринин өтө маанилүү бөлүгү, бирок ага көп убакыт талап кылынат. Анткен менен биз азыр таптакыр алсызбыз деп айтууга дагы болбойт.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Коронавируска каршы алгачкы вакцина 1,5 жылдан кийин гана чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

"Вакцина иштеп чыгуу изилдөө иштеринин өтө маанилүү бөлүгү, бирок ага көп убакыт талап кылынат. Анткен менен биз азыр таптакыр алсыз эмеспиз. Бүгүнкү күндө илдетти жуктуруп алууну алдын алчу жолдор бар. Мисалы, биринчи вакцина 18 айдан кийин жарыкка чыгат. Ага чейин вируска каршы колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана турабыз”, — деди ал.

Лаборатория кызаткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун инкубация мезгили 24 күн болушу мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Эскерте кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

10-декабрга карата маалыматта Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1016га жетти. Ал эми жалпы жуктуруп алгандардын саны 42 638 болсо, сакайып кеткендер 3996 киши экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0