АКШнын жана борбор азия мамлекеттеринин желектери. Архив

"Жыргалчылыкты арттырат"... АКШ Борбор Азияга эмне үчүн көз артууда?

538
(жаңыланган 19:29 12.02.2020)
Документ "АКШнын Борбор Азия үчүн 2019-2025-жылдарга карата стратегиясы: суверендүүлүктү жана экономикалык жыргалчылыкты арттыруу. Обзор" деп аталып, эгер ишке ашса орто азиялык өлкөлөргө эгемендүүлүктү да, жыргалчылыкты да алып келбейт.

Геворг Мирзаян, РФ Каржы университетинин саясат таануу департаментинин доценти атайын Sputnik үчүн

АКШнын мамлекеттик департаменти борбор азиялык республикаларга карата максаттары камтылган документти жарыялады. Расмий түрдө ал "АКШнын Борбор Азия үчүн 2019-2025-жылдарга карата стратегиясы: суверендүүлүктү жана экономикалык жыргалчылыкты арттыруу. Обзор". Иш жүзүндө бул документтин жүзөгө ашырылышы орто азиялык өлкөлөргө эгемендүүлүктү да, жыргалчылыкты да алып келбейт.

АКШ чар тараптан орун издейт

Соңку жылдары Кошмо Штаттар Орто Азия өлкөлөрүнө өтө чоң көңүл бөлүп келет. Бирок бул Вашингтон капысынан эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кызыкдар боло калганынан улам эмес.

Орто Азия Вашингтонго Россияга көйгөйлөрдүн булагы жана Кытайга (биринчи кезекте Кытайдын эң талуу жери болгон – дал Казакстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан Синьцзян) басым жасоо үчүн мейкиндик катары зарыл экенин элдин баары жакшы түшүнөт.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Казакстан жана Өзбекстанга (Борбор Азияда лидерликке умтулган эки мамлекет) болгон жакындагы сапарында ал бул өлкөлөрдү Россия менен Кытайдан жок дегенде азыраак болсо да буруп кетүүгө болушунча аракет жасаганы да эч кимге жашыруун эмес. Аракетинен майнап чыгара албады, бирок АКШ бул багытта ишин улантары шексиз.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жарыяланган стратегия дагы бул иштин негизги принциптерин жана максаттарын көрсөтөт. Документ абдан кызык, бирок которуу керек, англисчеден аталган аймак түшүнчүдөй тилге гана тургай, дипломатиядан жалпак тилге которуу абзел.

Аймактагы мамлекеттерге карата документтин башында белгиленген негизги стратегиялык кызыкчылыктарды карап чыгалы.

Москва менен Пекинден оолактатуу

Маселен, "Өзүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын, ошондой эле өз шарттары менен өнөктөштөрүн илгерилете турган туруктуу жана өнүккөн Борбор Азияны жаратуу" деген пункт бар. Жалпак тил менен бул Борбор Азияны Москва жана Пекин менен болгон артыкчылыктуу кызматташтыктан четтетүү дегенди эле билдирет. Ооба, кулакка жакшы угулар, бирок бул РФ жана Кытай менен кызматташтыкты эле чектөө эмес, бул чектөөнүн кесепеттерин жаңы өнөктөштөр менен болгон долбоорлордун эсебинен жаап берет. Ошол жаңы өнөктөш ким? АКШ эмес экени айдан ачык. Ооба, стратегияда америкалыктар миллиарддаган инвестициялар жана долбоорлор, аймакты кооптуулуктардан коргоо боюнча иш алып барууну айтышат. Бирок аныгында алар Борбор Азияны Россиянын деңгээлиндей коопсуздук, Кытайдын деңгээлиндегидей экономикалык долбоорлор менен камсыз кылууга жөндөмсүз.

Экинчи башкы кызыкчылык — "аймакты дүйнөлүк рынокторго кошуу жана тышкы инвесторлорго ачуу". Жалпак тилде бул америкалык бизнес үчүн өзгөчө шарттарды түзүү жана өлкөлөрдүн ЕАЭБ менен кызматташтыгын чектөө (Кыргызстан боюнча алсак, курамдан чыгуу) дегенди туюндурат. Ошол эле Помпео Өзбекстанды евразиялык структураларга кирбөөгө, андан көрө Дүйнөлүк соода уюму тууралуу ойлонууга тегин жерден көндүрүүгө аракет кылган жок.

АКШга экономикалык жактан таянуу кыйла кооптуу, АКШ (Россия менен Кытайдан айырмалана) экономикалык кызматташтыкты качан болбосун өлкөнүн ички саясий ишине кийлигишүүгө байлайт.

Чындыгында алар муну жаап-жашырууга да тырышпай, "күчтүү демократиялык институттарды түзүү, мыйзамдын улуктугунун принциптерин бекемдөө жана адамдын укугун сыйлоо" деп үчүнчү кызыкчылык катары көрсөтүшкөн. Мунун алкагында Вашингтон "жарандардын маанилүү саясий маселелерди чечүүгө катышуусу" үчүн коомдук уюмдарды колдоону, ошондой эле жергиликтүү бийликтин "жарандардын ар бир өтүнүчүнө" жооп бериши үчүн бардыгын жасоону көздөйт.

Казакстандын түштүгүндө болгон башаламандыктарды, Кыргызстандагы батыштык бейөкмөт уюмдардын кызуу иш алып барганын жана Өзбекстандагы реформалардын оор процесстерин эске алсак, мында америкалыктардын колунда "укук коргоо ишмердиги" үчүн эбегейсиз мейкиндик бар.

Студенттик, аткаминерлик жана окутуучулук "алмашуу" (башкача айтканда, жергиликтүү интеллектуалдарды жана каймактарды АКШ аймагында такшалтуу) боюнча 40 программанын каржыланышы да америкалык "жумшак күчтү" жылдырууда олуттуу кол кабыш кылат. Албетте, мунун баары аймактагы мамлекеттердин коопсуздугу жана ички туруктуулугунун эсебинен ишке ашат.

"Аймактын тең салмактуулугун кантип бузган оң?"

Вашингтон өзүнчө пункт менен АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү кирген C5+1 дипломатиялык форматын өнүктүрүүнү максат кылат. Бул форматтын алкагында америкалыктар, маселен, аймактын өлкөлөрүн "Европа жана Кавказ" менен кантип дурусураак байланыштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеткер. Башкача айтканда, чыгыштан батыш багытына көмүртекти экспорттоону гана жайылтуу эмес, бул өлкөлөрдү өзүнүн инфраструктуралык долбоорлоруна (эске салсак, азыр Орто Азия кытайлык "Жибек жолу" долбоорунан орун алууга кызуу аракет кылууда) байлоону көздөйт. Бирок аталган форматтын эң маанилүү, документте баса белгиленбесе да, бир маселеси бар – аны регионалдык коңшуларга контрбалансты түзүүгө пайдалануу.

Ошентти, АКШ ачык эле, ал түгүл дипломатиялык тилде да бул форматты Россия менен Кытайга каршы максаттарга колдонорун жазат.

Борбор Азия өлкөлөрүнө мындай дипломатиялык ыңгайсыздыктар үчүн компенсация катары C5+1 форматынын алкагында Вашингтон ар кандай (коопсуздук, экономикалык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) долбоорлорго дээрлик 34 миллион доллар бөлгөнүн эске салат.

Борбор Азия өлкөлөрү мындай каражатка жана жаңы америкалык инвестицияларга болгон убада үчүн аймактын коопсуздугунун башкы кепили жана экономикалык өнөктөшүнө каршы багытталган долбоорго кызуу (көрүнөө да эмес, дал кызуу түрдө) киришеби? Тилекке каршы, бул соболдун жообу белгисиз.

538
Белгилер:
экономика, коргоо, аймак, коопсуздук, Борбордук Азия, АКШ
Тема боюнча
20 жыл калды: "мунайдан соң" бизди кандай күн күтөт?
Белоруссия президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко бүгүн өкмөттү отставкага кетирди

57
(жаңыланган 01:13 04.06.2020)
Премьер-министр Сергей Румас башкарган азыркы министрлер кабинети 2018-жылдын август айынан баштап иштеп келе жатат.

БИШКЕК, 3-июн. – Sputnik. Белоруссия президенти Александр Лукашенко азыркы өкмөттү отставкага кетирүү чечимин бүгүн кечинде кабыл алгандыгын Sputnik Белоруссия жазды.

Президент өткөн аптада кадрдык өзгөрүүлөр болорун айткан эле. Дүйшөмбүдө эки палатанын, президенттик администрациянын жана коопсуздук кеңештин жетекчилери менен сунушталган талапкерди талкуулаган.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков на заседании Высшего Евразийского экономического совета, которое проходит в формате видеоконференции
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бүгүн кечинде мамлекет башчы Лукашенко азыркы өкмөттү отставкага кетиргени айтылды.

Азырынча эскилерден кимдер кызматта калып, кимдердин кетери же башка кызматка которулары белгисиз. Жаңысы дайындалганга чейин эски курам өзүнүн милдетин аткарып турат.

Азыркы өкмөттүн жетекчиси Сергей Румас башкаларга караганда азыраак иштеген. Бул кызматка мындан эки жыл мурда, август айында киришкен.

Белоруссиянын мыйзамы боюнча премьер-министрди президент дайындайт. Бирок андан мурда Эл өкүлдөр палатасынын программасын тааныштырып, колдоосун алгандан кийин толук бекийт.

Эгерде Румас кызматта калса, анда вице-премьерлер жана министрлер алмашып, депутаттардын колдоосуна муктаждык болбойт.

Палатанын жакынкы сессиясы эртеңкиге, аны менен катар эле депутаттардын жолугушуусу келерки аптага жана айдын аягына пландалганы маалымдалган.

57
Белгилер:
чечим, депутат, отставка, өкмөт, Белоруссия
Тема боюнча
ЕАЭБ рыногуна кыргызстандык канча ишкана товар экспорттой алат. Тизме

Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт

170
(жаңыланган 20:17 03.06.2020)
  • Сүрөтчүнүн иши да оңой эмес. АКШдагы каршылык акциясы учурунда полиция кызматкери фотографты түрткүлөп жатат
  • Миннеаполистеги жалбырттаган жалын. Өрттүн аптабына карабай фотокабарчы жумушун аткарууда
  • Нью-Йоркто каршылык акциясына чыккандардын бири. Жанындагылардын баары бет кап менен жүргөнүн байкоого болот
  • Түтүн, өрт. Ага карабай New York City басылмасынын кабарчысы иштеп жатат
  • Өмүрүн тобокелге салган дагы бир топ сүрөтчүлөр. Алар Нью-Йоркто өрттөнүп жаткан полициянын автоунаасын кадрга түшүрүштү
  • Сүрөттө LA Times басылмасынын фотокабарчылары. Алар АКШдагы коогалаңдан жабыркаган адамды тартып жатат
  • Мындай коргоочу касканы башка кийип алып, сүрөткө тартуу да оңой эмес
  • Атлант шаарында полиция кызматкерлерине кармалган фотограф
  • Эч кимге ээ-жаа бербей, тартипсиздик уюштургандарды тартуу бир топ эле кооптуу. AP басылмасынын кабарчылары кырдаалды чагылдырып жатат
  • Каршылык акциясы учурунда полициядан качып бараткан сүрөтчү
  • Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган окуядан кийин бир катар имараттар өрттөлдү. Фотокабарчылар окуяны жеринен сүрөткө тартып, кырдаалды баяндап жатышты
  • Мындай учурда сүрөтчү, операторлор деле аскерлердей. Окуяны так-таасын жеткирүү үчүн өмүрүн тобокелге салышат
АКШдагы башаламандыктан имараттар өрттөлүп, дүкөндөр тонолуп, бир нече шаарда коменданттык саат киргизилгенине карабай эл тынчый элек. Сүрөтчү, оператор, фотокабарчылар өмүрлөрүн тобокелге салып кырдаалды чагылдырып жатышат.

Өткөн аптанын жума күнү АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялар башталган.

Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойд бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калган.

Нааразычылык акция башаламандыкка айланып, ал Американын 40тай шаарына жайылды. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен нааразылыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алган. Миңдеген адамдарга полициянын күчү жетпей калууда. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "адамды кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылды.

Болуп жаткан кырдаалды журналист, фотокабарчы, операторлор жеринен чагылдырып жатат. Айрымдар мыкты кадр алыш үчүн өрттөнгөн имарат, автоунаалардын жанына барса, кээ бири тартуу иштерин полиция кызматкерлеринин каршылыгына карабай жасап жатышат. Мунун баары сүрөттөр түрмөгүндө так, даана көрсөтүлгөн.

 

170
  • Сүрөтчүнүн иши да оңой эмес. АКШдагы каршылык акциясы учурунда полиция кызматкери фотографты түрткүлөп жатат
    © AP Photo / Rick Bowmer

    Сүрөтчүнүн иши да оңой эмес. АКШдагы каршылык акциясы учурунда полиция кызматкери фотографты түрткүлөп жатат

  • Миннеаполистеги жалбырттаган жалын. Өрттүн аптабына карабай фотокабарчы жумушун аткарууда
    © REUTERS / Lucas Jackson

    Миннеаполистеги жалбырттаган жалын. Өрттүн аптабына карабай фотокабарчы жумушун аткарууда

  • Нью-Йоркто каршылык акциясына чыккандардын бири. Жанындагылардын баары бет кап менен жүргөнүн байкоого болот
    © Sputnik / Brian Smith

    Нью-Йоркто каршылык акциясына чыккандардын бири. Жанындагылардын баары бет кап менен жүргөнүн байкоого болот

  • Түтүн, өрт. Ага карабай New York City басылмасынын кабарчысы иштеп жатат
    © AP Photo / Julio Cortez

    Түтүн, өрт. Ага карабай New York City басылмасынын кабарчысы иштеп жатат

  • Өмүрүн тобокелге салган дагы бир топ сүрөтчүлөр. Алар Нью-Йоркто өрттөнүп жаткан полициянын автоунаасын кадрга түшүрүштү
    © AP Photo / Seth Wenig

    Өмүрүн тобокелге салган дагы бир топ сүрөтчүлөр. Алар Нью-Йоркто өрттөнүп жаткан полициянын автоунаасын кадрга түшүрүштү

  • Сүрөттө LA Times басылмасынын фотокабарчылары. Алар АКШдагы коогалаңдан жабыркаган адамды тартып жатат
    © REUTERS / Lucas Jackson

    Сүрөттө LA Times басылмасынын фотокабарчылары. Алар АКШдагы коогалаңдан жабыркаган адамды тартып жатат

  • Мындай коргоочу касканы башка кийип алып, сүрөткө тартуу да оңой эмес
    © REUTERS / Lucas Jackson

    Мындай коргоочу касканы башка кийип алып, сүрөткө тартуу да оңой эмес

  • Атлант шаарында полиция кызматкерлерине кармалган фотограф
    © REUTERS / Dustin Chambers

    Атлант шаарында полиция кызматкерлерине кармалган фотограф

  • Эч кимге ээ-жаа бербей, тартипсиздик уюштургандарды тартуу бир топ эле кооптуу. AP басылмасынын кабарчылары кырдаалды чагылдырып жатат
    © REUTERS / Lucas Jackson

    Эч кимге ээ-жаа бербей, тартипсиздик уюштургандарды тартуу бир топ эле кооптуу. AP басылмасынын кабарчылары кырдаалды чагылдырып жатат

  • Каршылык акциясы учурунда полициядан качып бараткан сүрөтчү
    © AP Photo / John Minchillo

    Каршылык акциясы учурунда полициядан качып бараткан сүрөтчү

  • Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган окуядан кийин бир катар имараттар өрттөлдү. Фотокабарчылар окуяны жеринен сүрөткө тартып, кырдаалды баяндап жатышты
    © REUTERS / Lucas Jackson

    Жорж Флойддун өлүмүнөн улам башталган окуядан кийин бир катар имараттар өрттөлдү. Фотокабарчылар окуяны жеринен сүрөткө тартып, кырдаалды баяндап жатышты

  • Мындай учурда сүрөтчү, операторлор деле аскерлердей. Окуяны так-таасын жеткирүү үчүн өмүрүн тобокелге салышат
    © REUTERS / Adam Bettcher

    Мындай учурда сүрөтчү, операторлор деле аскерлердей. Окуяны так-таасын жеткирүү үчүн өмүрүн тобокелге салышат

Белгилер:
акция, башаламандык, окуя, Сүрөт, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат
Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын. Айдоочулардын көйгөйүн баяндаган видеорепортаж

0
(жаңыланган 01:09 04.06.2020)
Кыргыз-казак чек арасы. Бишкек — Торугарт жолу менен калаадан чыгып баратканда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги алыстан көзгө даана көрүнөт. Кезек күткөн айдоочулардын көбү Казакстандан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кете албай калгандар.

Казакстанга кирүү май айынын аягынан тарта кыйындай баштаган. Акыркы үч күн ичинде коңшу мамлекетке саналуу эле айдоочу кирген. Бирок 3-июндан тарта кыймыл бир аз жанданып, жүк ташыгандар чекесинен өтө баштаган.

Баарынан да тез бузулуп кетчү азыктарды ташыган айдоочулар санааркап жатышат. Жашылча-жемиштери чирип кетпеш үчүн күнү-түнү автоунаанын муздаткычтарын өчүрбөй жатканын айтышты.

"Россияга 22 тонна сабиз алып бара жаткам, тыгында турганыма үч сутка болду. Күн болсо кайнап, көчөдө 35 градус ысык. Көлөкө жок, талаада 40 градус ысыктай эле сезилип жатат. Кондиционер жок болсо сабиз биринчи күнү эле чирип кетмек. Жашылча соолубай турсун деп муздаткыч иштеттим. Ага эле май сатып алганга алты миң сомдой чыгым болдум. Бул чыгымды эч ким төлөп бербейт. Эгер соолуган сабиз алып барсам, анда мага акча да төлөп беришпейт", — деди айдоочулардын бири Умар Ханмончи.

Ысыктын күнү кезек күтүп Умарга окшоп тургандар жүздөп саналат. Алардын баары өз акчасына күйүүчү май алып, кайсы маалда өткөрүп жиберет деп уйку бетин көрбөй кезегин күтүп турган чактары.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, азыркы тапта "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" өткөрмө пункттары гана иштеп жатат. Жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине ушул да себеп болушу ыктымал.

"Автоунаалар дезинфекциядан өтүп, айдоочулардан коронавируска анализ алып жатышат. Муну да эске алыш керек. Кыргыз тарап автоунааларды тез өткөрүү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын баса белгилеп кетели", — дешти чек ара кызматынан.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев буга пандемиянын деле тиешеси жок деп эсептейт.

"Бул көйгөйгө үч жыл болду. Коронавирус Кыргызстан, Казакстанда пайда болгонго чейин эле айдоочулар чек арадан өтө албай 4-5 күндөп турушчу. Баарынан да үч суткалап тургандарга жаман болду. Дагы жакшы аларга жакын жашаган аймактагылар бекер тамак-аш алып келип берип жатышат", — деди Шабданалиев.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолукканын айтып, алардын көйгөйүн укканын билдиришти.

"Жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен вице-премьер Эркин Асрандиев жолугат. Мындан тышкары казак тарап менен дагы сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал жактан чечим кабыл алынгандан кийин гана жыйынтыгын билдире алабыз", — дешти маалымат кызматынан.

Экономика министрлигинин маалымат катчысы эксперттер көйгөйдү чечүү жолун издеп жаткандыктарын кошумчалады.

0
Белгилер:
жүк, айдоочу, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды