Газокомпрессордук станциянын кызматкери. Архивдик сүрөт

Газ кыйсыпыры: дүйнөдө эмне болуп жатат?

324
(жаңыланган 20:12 12.02.2020)
Глобалдуу газ рыногундагы азыркыдай абал буга чейин болгон эмес дейт россиялык журналист Александр Собко. Бул тармактагы оош-кыйыштар тууралуу кененирээк маалымат менен таанышып алыңыз.

Суюлтулган жаратылыш газына (СЖГ) коюлган мындай споттук баа (реалдуу товардын наркы) да Азияда жок болчу.  Болжол менен миң куб метрине 105 доллардан айланса, Европада 95 долларды түзүп, жагдай мындан да начар экени ачыкталды.

СЖГ импорттогон Кытайдын CNOOC компаниясы коронавирустан улам өзгөчө кырдаал жарыялап, отундун ага тийиштүү бөлүгүн алуудан баш тартмакчы болду эле, газ менен камсыздаган Total жана Shell компаниялары ага көнбөдү.

Буга түзүлгөн кырдаал, башкача айтканда кыштын адаттан тыш жылуу болушу, жаңы өндүрүштүн ишке кириши менен СЖГнын ашыкча өндүрүлгөнү айтылган божомолдор, украиналык транзиттин айланасындагы абалдан улам Европа базаларынын ашкере толтурулушу себеп. Анан, албетте, Кытайда экономикалык активдүүлүктү алсыратып жиберген коронавирус да шыкакчы болду. Бирок бул жагдай газ эле эмес, чийки зат рыногуна текши кесепетин тийгизүүдө.

Буга карабастан баанын айланасындагы кырдаал рынок катышуучуларынын тынчын алып келет. Суюлтулган газдын споттук наркы компаниялардын аны өндүргөн чыгымын жаппай турганы бир нече ирет талкууланган болчу. Азыркы кырдаал операциялык чыгымды да жаппай турган чекке жетти. Мындай учурда негизи өндүрүш токтошу керек, бирок азырынча андай боло элек.

Ушу тапта океандын ары жагындагы өндүрүшкө көз салуу кызык болуп турат. АКШда суюлтулган газды экспорттоо америкалык рынокто да баасы төмөн болгону үчүн гана токтогон жок. Бир миллион БТЕ (британиялык жылуулук бирдиги) 1,8 долларга бааланууда. Бул суюлтулган газ өндүргөн ири ишкерлердин капчыгына өтө эле оорчулук келтирип жатканы маалым. Ал эми чыгымды жаап, анча-мынча тыйын табууга өбөлгө түзгөн баа — бир миллион БТЕнин үч доллардын чегинде сатылышы. Кайталай кетели, азыр суюлтулган газдын баасы Азияда да ушундай, Европада андан да арзан. Ал эми АКШнын газын суюлтуп, ташып да келүү керек. Мындан сырткары, башка чыгымы да бар.

Экономиканын теориясы боюнча мындай шартта өндүрүшчүлөр жаңы инвестиция салуудан баш тартып, натыйжада рынок калыбына келиши керек. Былтыр СЖГ өндүргөн заводдор боюнча инвестициялык чечимдердин көлөмү абдан чоң болчу, суюлтуу боюнча кубаттуулук 90 миллиард куб метрге жеткен. Баасы өтө эле түшүп кеткен быйылкы жылы инвесторлор ушундай кадамга барабы? Же компаниялар тыным алышабы?

Буга чейин газдын болуп көрбөгөндөй арзан баасы талапты шарттайт деген түшүнүк бар болчу. Талап эмне үчүн өспөй жатканы өзүнчө талкуулай турган кеп, бирок иш жүзүндө ушундай. Албетте, бул жерде спорттук баа жөнүндө сөз болуп жатканын баса белгилей кетүү керек.

Мисалы, январда СЖГга споттук баа 4,7 долларды түзсө, нефтиге байланган баа тогуз доллардын чегинде болчу. Мындай нарк, албетте, өндүрүшчүлөрдүн көбүнүн чыгымын жаап кетет.

Кандай болгон күндө да акыркы жылдары нефть рыногунда да, газ рыногунда да пикир келишпестиктер бар экенин көрүп турабыз. Нефть рыногунда баанын тийиштүү деңгээлин тескеп турган ОПЕК+ коалициясы калыптанды. Ал эми "ОПЕК газынын" түзүлүшү азыркы шартта анча ишке аша турчу нерсе эмес, ашкере өндүрүштөн улам баалар кыйроодо. Ал эми газ, өзгөчө СЖГны сактоо нефтиге караганда кыйла оор.

Мындан улам суюлтулган газды "спот" жана "нефть" баасы менен сатуунун өз ара катышы кандай деген суроо туулат. Айтуу кыйын. СЖГ рыногунда абал ар кандай. Бирок ар кандай баалоолорго караганда "спот" ушу тапта төрттөн бир, кээде үчтөн бир бөлүгүн түзүүдө. Бирок нефтиге байланган баа Азияда үстөмдүк кылат.

Жыйынтыктайлы. Биринчиден, "спотко" көңүл буруу керек. Нефтиге байланган баа менен түзүлгөн келишимдерди да эстен чыгарбоо керек. Тилекке каршы, өндүрүшчүлөрдүн баары эле келишимдеринин үлүшүн ачыктай бербейт. Мындай жагдай так баа берүүгө тоскоол болот.

Экинчиден, СЖГга баанын калыптануу нефть системасынын кемчиликтеринин баарын эске алганда деле бул конструкция ОПЕК+ келишимдери менен рынокту турукташтырууга болот. Мындан келечекте рыноктун бардык катышуучулары утушта болот, анткени ашкере өндүрүш шарттаган "баа өпөң-чычаңынын" эч кимге кереги жок.

Мындай шартта анализ үчүн СЖГ долбоорлору боюнча түзүлгөн келишимдер кызыктуу тема бойдон кала берет. Спорттун көлөмүн жогорулатууга сатуучулар макул болобу же сатып алуучулар нефтиге байланган баага макул болобу? Көз салып гана туруу калды.

324
Белгилер:
өндүрүш, экономика, анализ, эксперт, баа, АКШ, газ, нефть
Тема боюнча
20 жыл калды: "мунайдан соң" бизди кандай күн күтөт?
Австрия "Түндүк агым — 2" долбооруна жарыяланган санкцияларды сынга алды