Путинге "Батышты кыйратууга" ким жардам берет? Батыш серепчилеринин билгилиги

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-февралда коопсуздук боюнча өтө турган Мюнхен конференциясына карата доклад чыкты. Анын күңгөй-тескейине россиялык журналист Виктор Мараховский саресеп салган.

Документтин башкы темасы — Батыш, тагыраак айтканда, анын жок болуп кетиши жана буга айыптуу тарапты аныктоо. Бул суроого жооп берерден мурун маселенин өзөгүнө көз чаптыралы.

Доклад "Westlessness" ("Батышсыз") деп аталып, биринчи жолу Европа менен Американын эксперттери араңдап жатып тааныган реалдуулукка арналды. Тагыраак айтканда, "ушу тапта дүйнө өзүнөн батышты оолактатып, ансыз да жашай аларын далилдеп жатат. Андан дагы Батыштын өзү да мурункудай батышчыл болбой калды. Бул туруксуздукту, демократиялык баалуулуктардын кыйроосун, айтор, көп ызы-чууну шарттап, кесепети оор болот" деп айтылган.

Трамп дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк курал күчүн түзүүгө убада берди - Sputnik Кыргызстан
Трамп "дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк курал күчүн" түзүүгө убада берди
Авторлор Батыштын бомбалоосуз калган азыркы учурга арман кылып жатышкандай: "Сирияда Асаддын режими менен россиялык күчтөр оорукана менен мектептерди атайылап аткылап жатат, аскердик кылмыштар кадыресе көрүнүшкө айланды... Кечээ жакында эле Кытай, Россия жана Иран биргеликте Инд океаны менен Оман куймасында аскер-деңиз окутууларын өткөрдү... Россия менен Түркиянын Ливиядагы кадамдары барган сайын чечкиндүү болуп, Жер ортолук деңиздин тиги өйүзүндөгү туруксуздуктун Европага таасири көбүрөөк тийүүдө..."

АКШ тууралуу глава "Жалгыздап туруштук бере алабызбы?" деп аталат. Бул Америкадагы "Биргеликте туруштук беребиз, жалгыз болсок кыйрайбыз" деген атактуу ураанына шилтеме берип турат. Кытай тууралуу бөлүм "Айтканын бербеген өлкө" делген. Ал эми Россия тууралуу жазылгандар "Путемкиндик өлкө" деген главада бириктирилген. Европа тууралуу "Евровидение сынагы" делсе, Жер ортолук деңизинин аймагы "Жер ортолук азап" деп аталган.

Докладдын Россияга багытталган бөлүгү акыркы беш жылга жасалган саресептин негизинде жазылыптыр. Бул концепцияда айласыздык, аргасы түгөнгөндүк кашкайып көрүнүп турат. Анткени эксперттердин баары Россияны алсыз, санкциялардан улам тамтыракайы чыккан, мына-мына кыйрайын деп турган мамлекет деп билишкен. Экинчи жагынан өлөт-өлөт деген Россия тырышып-тырмышып алдыга жылып келе жатат, керек болсо паникага алдырбай жок болот деген башка өлкөлөрдү коргоого киришип, андан майнап да чыгарууга жетишти.

Эми докладда камтылган концепцияда айтылгандарды эптеп чындыкка окшотуш үчүн компромисс талап кылынды да натыйжада Россияга жаңы көз караш түзүлдү.

Газокомпрессорная станция Воловец в Закарпатской области - Sputnik Кыргызстан
Газ кыйсыпыры: дүйнөдө эмне болуп жатат?
Болжол менен 2018-жылдан тарта Россияны баш оорусу бүтпөгөн, талап-тонолгон, мындан улам эми мына жок болот деген мамлекет катары кабылдап келишкен. Бирок бул тамтыгы чыккан өлкөнүн башында кыйын тактик (стратег эмес) Путин турат. Кыйындыгын мындан бил, талкаланды деген мамлекетти уранды алдынан алып чыгып, улам бир жеңиштерге жетишип келет.

Былтыр дагы "колундагы болор-болбос карталар менен бир нече дипломатиялык утуштарга ээ болду. Тышкы саясатта эч өзгөрүү болбогонуна карабай Россия кайрадан ПАСЕге кирип, НАТОнун мүчөсү (Түркия) андан С-400 системаларын сатып алууда. Москва Жакынкы Чыгышта таасири чоң күчкө айланды... Эң башкысы — аны менен Франциянын президенти Макрон сүйлөшө баштап, европалыктарды Россия менен болгон мамиленин негиздерин кайра карап чыгууга чакырды".

Албетте, бул жеңиштердин артынды өлкөнүн кемчиликтери да көрсөтүлгөн. Аларды санабай өтсөк болбос.

1) 2019-жылы Москвада Путинге каршы сегиз жылдан берки эң ири акция болуп өттү, ал эми сентябрда шаардык думага өткөн шайлоодо Кремлдин талапкерлери чоң сокку алышты.

2) Сурамжылоолорго ылайык, өлкөдөн кетүүнү каалаган жаштардын саны көбөйгөн.

3) Сурамжылоолорго ылайык, президентке ишеним арткан жаштардын саны азайган. Эми бул көрсөткүч болгон 55 пайызды түзүп калды.

4). Россия менен Кытайдын өнөктөштүгү тең укуктуу эмес. Буга Кытайдын Ыраакы Чыгыштагы таасиринин өсүшү себеп.

Бүттү. Путиндин мындай "эсти оодарган" режими Мюнхен докладына батыш ЖМКларына чыккан макалалардан эле ооп келгени көрүнүп турат. "Россия турмушун" ал жакта кымындай болгон "ВШЭ — Москванын Карнеги борбору" чагылдырып берет. Маалымат бергендер да, айтканына кайра эксперт болгон да ошолор.

АКШнын жана борбор азия мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Жыргалчылыкты арттырат"... АКШ Борбор Азияга эмне үчүн көз артууда?
2020-жылдын кышы бүтүп, жазы келди. Россияда өкмөт алмашып, улуттук долбоорлор ишке ашууда, Конституцияга өзгөртүүлөр кирмекчи. Ал эми Россиянын болгон-бүткөн жашоосун "чагылдырган" баягы клуб былтыркы акцияларда түшкөн селфилерине суктанып бүтө албай, "Кытай Сибирди багындырууда" деген илгерки мемди кайталоодо.

Демек, докладдын кызыктуу жери Россия эмес.

Кызыгы — тексттин авторлору кейип-кепчип жаткан "батышсыздыктын" себептери.

Ушу тапта Батыш өзү экиге бөлүнүп, эки тараптын кайнаса каны кошулбай турганы айдан ачык болуп турат. "Христиандык популисттердин оңчулдары" үчүн Батыш диний, маданий жана улуттук салт-санаанын топтолгон жери. Ал эми экинчи тарап болгон "либералдар" үчүн Батыш — либералдык демократиянын принциптери башкы орунда турган жер.

Оңчул популисттердин айтымында, Батыш башка динди, башка салтты, таптакыр башка маданиятты тутунгандардын кириши менен жоголуп бара жатат. Ал эми аларды "адамдык демпингдин" негизинде байып жаткан либералдык элита киргизүүдө.

Либералдардын ою боюнча Батышты дал ошол популисттер кыйратууда. Алардын айтымында, популисттер Батышты жапайы, диний түшүнүктөр үстөмдүк кылган дүйнөгө айлантууга аракет кылып жатышат.

Путиндик Россия деле колунан келгенин жасоодо, бирок Батыштын жардамы болбосо эч нерсеге жетишмек эмес.

Эмне дейбиз, алгач эки тараптыкы тең туура экенин айталы.

Нефть станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласы жок... АКШ россиялык нефтиден көз каранды экенин мойнуна алды
Батыш — бул биринчи кезекте көйгөйдү чечүү жана дүйнөнү өзгөртүү боюнча кылымдар бою калыптанып калган ыкмасы бар христиандык улуттук маданияттардын топтому.

Бирок ошол эле кезекте Батыш — ал жакта түзүлгөн либералдык идеология. Бул идеология ондогон жылдар бою элитага кызмат кылып келген.

Бүгүнкү күндө буга чейин бири-бири менен эриш-аркак жашап келген бөлүктөр пикир келишпестикке тушукту. Анткени башкы орунга индивидди койгон либерализм динди, каада-салтты, керек болсо көпчүлүктүн басымы менен индивидди өзүн баш ийдирип алган демократияны да жок кылууга аракет жасабай койбойт. Ал эми салт-санаа менен демократия саясий артыкчылыктарды азчылыктарга таратып берген либерализмди жоготууга жан үрөйт.

Түзүлгөн жагдайдын эң таң калычтуу жери — эки тарап тең бири-бирин карап "бул деле биз да, бул деле Батыш да" деп айтууну, мойнуна алууну каалабайт. Тескерисинче, убакыт өткөн сайын каршылашуу күчөп баратат. Мындай абал эки тарапты тең алсыратып коеру белгилүү эмеспи.

Эмнеси болсо да эки жакка тең ийгилик каалайбыз. "Батышсыз дүйнө" колу кандуу Батышка караганда алда канча коопсуз, тынч жай. Кулакка да жакшы угулат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0