Адамдын психикалык абалын жакшырткан азык-түлүктөр аталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүДаниловский рынкок в Москве
Даниловский рынкок в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майлуу балыктарда омега-3 кислотасы көп. Бул зат депрессиядан арылтып, бактылуулук гормондору болуп эсептелген серотонин менен дофаминди бөлүп чыгарат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. АКШнын Аризон штатындагы Майо клиникасынын адистери адамдын психикалык абалын жакшырткан азык-түлүктөрдү атады. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Билдирмеге ылайык, дарыгерлер маанай көтөрөм дегендер тамак рационуна буурчак, балык, жаңгак, брокколи, шпинат жана жумуртка кошууга кеңеш берди.

"Майлуу балыктарда омега-3 кислотасы көп. Бул зат депрессиядан арылтып, бактылуулук гормондору болуп эсептелген серотонин менен дофаминди бөлүп чыгарат. Буурчак, жаңгак жана жумуртканын курамында аминокислоталар менен триптофан бар. Ал уйку режимин нормалдаштырып, адамдын сергек болушуна жардам берет", — деп жазылат маалыматта.

Шпинат менен брокколиде болсо фолий кислотасы көп экени аныкталды. Аталган азык-түлүктөр маанайды көтөрүп, адамдын психикалык абалын жакшыртары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0