Кытайлык кемпир коронавирустан Азияда эмес, Францияда көз жумду

© REUTERS / BENOIT TESSIERЖенщина в медицинской маске в Париже, Франция. 25 января 2020 года
Женщина в медицинской маске в Париже, Франция. 25 января 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптөрдүн үшүн алган коронавирустан Кытайдан сырткары адамдар үч өлкөдө — Гонконг, Филиппин жана Японияда көз жумган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Францияда саякаттап жүргөн кытайлык турист кемпир коронавирустан көз жумду. Бул туурасында BBC жазган.

Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Хубэйден 16-январда келген 80 жаштагы кемпир көп өтпөй эле, 25-январда карантинге алынган.

Буга чейин Кытайдан сырткаркы аймакта адамдар бүгүнкү күнгө чейин үч мамлекетте — Гонконгдо, Филиппинде жана Японияда көз жумган.

Кытайдагы коронавирустан бүгүнкү күнгө чейин 1 527 киши каза таап, 8 567си айыгып кеткен. Ал эми оору козгогучту жуктургандардын саны 67 миң экендиги айтылды.

Коронавирус тууралуу

Ухань шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ухань тургундарына жашаган аймактан чыгууга тыюу салынды
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыяланган.

Бул кырдаалдан чочулаган Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, авиакаттамдарын токтоткон. 2-февралда Ухань шаарынан 18 студент Казакстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилген. Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын анализдери таза чыккандыктан, карантинде жаткандар үйлөрүнө жиберилгендигин кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0