Баланын ракка кабылганын кантип билсе болот? Дарыгерлер белгилерин айтты

© AFP / MOHAMMED HUWAISЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору Игорь Долгополовдун белгилөөсүндө, шишик баланын жүрүм-турумун да өзгөртөт. Алсак, бала аксап, кусуп, эртең мененкисин башы ооруй баштайт.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Онкология дартына кабылган балдар кубарып, алсыз болуп, салмак таштай баштайт. Бул тууралуу Россиянын балдар онкологдорунун айтканына таянып Sputnik радиосу маалымдады.

Онкологдордун айтканына караганда, залалдуу шишиктин атайын белгилери жок. Жалпы жонунан төмөнкү белгилер аркылуу дартты аныктаса болот.

Онкология илдетине кабылган бала кубарып, ыйлаак боло баштайт. Ошондой эле салмак таштап, дайыма кыңкыстай берет.

Медицина илимдеринин доктору Игорь Долгополовдун белгилөөсүндө, шишик баланын жүрүм-турумун да өзгөртөт. Алсак, бөбөк аксап, кусуп, эртең мененкисин башы ооруй баштайт.

"Мындай учурда ата-эне чүрпөсүн сөзсүз дарыгерге көрсөтүшү керек. Ошондой эле кандын анализин тапшырып, баланы көз доктурга көрсөтүп, ооздун ичин жана башка органдарын ультра үндүү изилдөөдөн өткөргөнү жакшы", — деди Долгополов.

Дарыгерлер балдардын залалдуу шишиги чоң кишилердикинен бир топ эле айырмаланарын айтышты.

Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант
"Чоңдор бул дартка кийин чалдыкса, көп балада бул илдет тубаса болот. Мындан сырткары, бөбөктөрдүн залалдуу шишиги бат эле өрчүп кетет. Бирок чоңдордукуна салыштырмалуу алардыкын айыктырса болот, мүмкүнчүлүк көп", — деди Долгополов.

Бала эмнеден улам рак илдетине кабыларын, оорунун алдын алуу жолдорун Кыргызстандын Улуттук онкология жана гематология борборундагы балдар онкологу Султан Стамбековдун маегинен окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0