Буйволду кошоктоп алып, шамалдай чуркаган индиялык жөө күлүктүн видеосу

© AFP / ARUN SANKARИндиядагы "Камбала" салттуу жарышы. Архив
Индиядагы Камбала салттуу жарышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптөрдү таң калтырган бул окуя "Камбала" деп аталган салттуу жарышында болгон. Иш-чаранын катышуучулары кошоктолгон эки буйволду айдап 142 метрге чуркашат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Индиялык жөө күлүк Сринивас Гауда дүйнөлүк рекорд койгон ямайкалык Усэйн Болттон ашып кетти. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалыматка караганда, Гауда 100 метрди үч секундага эртерээк чуркап келген.

Көптөрдү таң калтырган бул окуя "Камбала" деп аталган салттуу жарышында болгон. Иш-чаранын катышуучулары эки буйволду айдап, адатта 142 метрге чуркашат. 

28 жаштагы Гауда жаныбарлары менен 100 метрди 9,55 секундада чуркап өткөн. Басылма бул Болттун рекордунан үч секундага ылдамыраак экенин жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0