YouТube тармагына 15 жыл толду. Эң көп көрүлгөн видеолордун тизмеси

© REUTERS / Dado RuvicЛоготип YouTube
Логотип YouTube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылдары аталган тармакта көп көрүлгөн видеолордун катарын көбүнесе музыкалык чыгармалар толуктайт.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. YouТube тармагынын ачылганына туура 15 жыл болду. Ал өзүнүн туулган күнүн 14-февраль күнү майрамдады.

Newsweek басылмасы 15 жыл ичинде көрүүчүлөр арасында популярдуу болуп, эң көп көрүлгөн видеолорду тизмектеди.

2005-жылы атагы алыска кеткен мурдагы футболчу Роналдиньонун видеосу популярдуу болгон. Бирок сервистен өчүрүп салып, кийин кайра жүктөшкөн.

2006-2007-жылдары бийчи Жадсон Лейпли The Evolution of Dance ролигинде XX кылымдагы бийлердин негизги кыймылдарын көрсөткөн.

2008-жыл. Ырчы Аврил Лавиндин Girlfriend чыгармасына тартылган клиби.

Улуубританиялык наристе агасынын манжасын тиштеп алган видео 2009-жылы эң көп көрүлгөн.

2010-жылы YouТube тармагына киргендер Леди Гаганын Bad Romance клибин көп көрүшчү. Көп өтпөй анын ордуна канадалык ырчы Жастин Бибердин Baby чыгармасы туруп калган. Ал 2010-2011-жылдары дагы популярдуу болгон.

2012-жылдын рекордчусу түштүккореялык ырчы Psy. Анын Gangnam Style чыгармасына тартылган клиби бир нече жыл катары менен алдына эч кимди салган жок.

2017-жылы биринчи орунга Луис Фонсинин Despacito ыры чыкты. Учурда аны 6 миллиард жолудан ашык көрүштү.

Мындан тышкары, Sputnik агенттигинин материалынан эң көп акча тапкан YouTube блогерлеринин рейтингин көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0