Украина атып түшүрүлгөн учагы үчүн Иранды сот менен коркутууда

© REUTERS / Nazanin Tabatabaee / WANA NEWS AGENCYКрушение украинского самолета Boeing 737 на окраине Тегерана
Крушение украинского самолета Boeing 737 на окраине Тегерана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран жоопкерчиликти мойнуна алып, өзүнүн аймагында учактын кулашынан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 80 миң доллардан компенсация берүүнү сунуштады. Бирок Киев ага макул болгон эмес.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жарандары Ирандын соккусунан кыйраган учакта каза тапкан мамлекеттер Иранды сотко бериши мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко Мюнхенде коопсуздук боюнча өткөн конференцияда айтканын РИА Новости жазды.

Министрдин айтымында, Украина Ирандан ыкчам аракеттерди күтүп жатат. Эгер бир нече мамлекет күтүп жаткан аракет болбосо, алар "эл аралык сотко кайрылышы ыктымал".

"Биз көпкө күтө албайбыз. Ошентсе да Иранды кыймылга келет деп ишенип турабыз. Болбосо эл аралык укук ченемдерин колдонууга аргасыз болобуз", — деди ал.

Пристайконун айткандарын Франциянын ТИМ башчысы Франсуа Шампань да ырастап, алынган жоопкерчилик анын кесепетин жоюуну да шарттай турганын кошумчалады.

Авиакырсыктын чоо-жайы

На месте авиапроисшествия самолета Pegasus Airlines во время посадки в стамбульский аэропорт Сабиха Гекчен, Турция. 5 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда үчкө бөлүнүп кеткен учактын конуп жаткан видеосу жарыяланды
2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Үч күндөн кийин Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышкан. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектинин жанынан учуп бараткандыктан, аны АКШнын аскерий учагы деп жаңылыштык менен атып алган.

Иран жоопкерчиликти мойнуна алып, өзүнүн аймагында учактын кулашынан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 80 миң доллардан компенсация берүүнү сунуштады. Бирок Киев ага макул болгон эмес

Жаңылыктар түрмөгү
0