БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Быйыл адам баласы климатка көз салып келе жаткандан берки эң жылуу январды өткөрдү. Бул тууралуу АКШнын Океандык жана атмосфералык изилдөөлөр башкармалыгына шилтеме берип ABC News басылмасы жазды.
Мисалы, быйылкы январда кургак жерлерде аба табынын орточо көрсөткүчү 16,6 градус болуп турду. Бул акыркы 141 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.
Рекорддук көрсөткүчтөр Азия, Скандинавия, Түндүк жана Түштүк Америкада катталды.
JUST IN: January 2020 surpassed 2016 as the warmest #January on record for globe, according to @NOAANCEIclimate https://t.co/Y88Yf1yBud #StateOfClimate pic.twitter.com/2rkFPVi85r
— NOAA (@NOAA) February 13, 2020
Климатологдордун айтымында, аба ырайы акыркы 30 жылда бир топ өзгөргөнү байкалат.