Ялтадан Сочиге дейре: Россиянын түштүгүндөгү түгөнбөгөн кызыктар

119
(жаңыланган 13:50 17.02.2020)
Дем алыш күндөрүн жаз чакырган калаада өткөрүп, сүйүүгө кабылып, өмүрлүк шерик болууга сунуш киргизгенге не жетсин!? Россиянын түштүгү сүйүү жыттанат. Дал ушул түштүк аймак тууралуу РИА Новости агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот.

Макалага Ялта, Сочи, Пятигорск, Тамань шаарлары камтылды.

Ялта: Көл жээгиндеги Париж жана эки кишилик канаттык жол

Ялтанын кыш-жаз айларындагы романтиканы тынымсыз гүлдөгөн Никит ботаникалык багы, Парижди эске салган көл жээги, анда сейилдегендер жаратып турат. Шаардын бардык көчөлөрү, жолдору ошол көл жээгине чыгат.

2011-жылдан бери ал жакта эбегейсиз, картаң чынар теректин түбүндө (бийиктиги 30 метрден ашык) "Ашыктык отургучу" турат. Эгер уламышка ынансак, орустун улуу акыны Сергей Есенин америкалык сүйгөнү Айседора Дункан менен дал ушул теректин алдында жолугушчу экен. Бирок терең ишенип деле албаңыз, акын менен бийчинин мамилеси жаман бүткөн эмеспи.

"Бул туристтик уламыш. Есенин менен Дункан Ялтага ар бөлөк убакта келип кетишкен, — дейт калаадагы туристтик-маалыматтык борбордун негиздөөчүсү Дмитрий Погребняк. — Акындын башканы сүйөрү, үйлөнгөнү жана бактылуу экени жазылган телеграмма дал ушул жерде Айседоранын колуна тийген".

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Вилла Елена (@villaelenahotel.ru)

Чынарга америкалык атактуу бийчи да суктанып бүтө алган эмес, терекке анын да ысымы берилген. Ашыктарга Дмитрий "Асса" тасмасындагы айтылуу канаттык жолго түшүп көрүүнү сунуштайт. Ал Көлдүн Ленин аталган жээгинен Дарсан адырына чейин барат.

"Бөтөнчө бир сезимдерге бөлөнөсүң: чакан кабинкаларда узак жүрүп отурасың. Үйлөрдүн чатырына, бак-дарактардын башына тийип кетчүдөй шаардын үстүндө учасың", — деп таасирлеринен бөлүшөт туристтер бул аттракцион туурасында.

Канаттык жолдун вагонундагы эс алуучулар

© Sputnik / Сергей Мальгавко
Канаттык жолдун вагонундагы эс алуучулар

Крымдын бул калаасынын да өз Эйфель мунарасы бар. Ал Париждегиден 30 эсе кичине, бирок кыялдарга жетелеген эң сонун жерде — пирсте орнотулган. Адегенде бул Массандр жээгинде убактылуу гана турмак, бирок жергиликтүү жашоочулардын да, меймандардын да, айрыкча, ашык түгөйлөрдүн көңүлүн ээлегендиктен биротоло калды.

Чар тарабы ашыктарга толгон Сочи

"Испанияга келгендей эле болдум! Күн уясына жашынып барат, ак чардактар айланат, — деп эскерет москвалык Марья Терехова Сочи деңиз портун. — Ушундай көз жоосун алган көркөмдүккө көз салып ырахаттана азыктана турган ресторандар жайнайт!".

Андан кийин жагымдуу кечти яхтада улантсаңыз болот. Баса, гиддердин айтымында, баасы кымбат деле эмес, киши башына — 500 рубль. Албетте, ачык деңизге чыгышыңыз аба ырайына жараша, бирок эс алуунун бул түрү жыл бою сунушталат.

Сочидеги деңиз портунун имараты

Сочиге өмүрдүн эң урунттуу учурларын белгилөөгө келишет, айрымдар үйлөнүү үлпөтүн же алтын, күмүш тойлорун өткөрүшөт. "Жаңы үйлөнүп жаткандар, сүйүшкөн түгөйлөр адатта Сочинин борбордук парктарында сейилдешет. Ал тургай мында түбөлүк жапжашыл, шагы ийилген бак-дарактуу, отургучтары жана фонтандары бар Поцелуев сквери курулган", — дейт гид Светлана Васькова.

© Sputnik / Игорь Онучин
Сочидеги деңиз портунун имараты

Бирок өбүшүүгө анын эч тиешеси жок, ал Советтер Союзунун баатыры, Борбордук Сочи гастрономунун директору Иван Поцелуевдин урматына коюлган. Түгөйлөргө ал чындык деле тоскоол эмес, анан калса, ЗАГСтын имараты анын жанында жайгашкан.

Жаңы үйлөнгөндөр Ахун деген тоого да көп чыгышат. "Элдик ишенимде, бул жер эркектерге күч-кубат берет, — деп түшүндүрөт Светлана. — Жигиттер ушул чокуга ала качышчу имиш".

© Sputnik / Алексей Майшев
Жаңы баш кошкон жубайлар Сочинин борбордук районундагы ЗАГСтагы каттоодон соң

Пятигорск: акын, баатыр жана "Бесстыжие ванны"

Бул курорттук калаанын көптөгөн романтикалуу жерлери Михаил Лермонтовго байланыштуу. Маселен, эң белгилүү Машук тоосу. Анын түбүндөгү үйдө акын дуэлге чейинки акыркы айларын өткөргөн. Ал ошол тоонун түндүк-батыш эңкейишинде өлтүрүлгөн. Ал жакта Лермонтов үңкүрү да бар, андан көз жоосун алган кооздукка көз салууга болот.

Машуктун Михаил тоо тармагында "Эолова арфа" чатырчасы жайгашкан, бул Пятигорскинин 200 жылдан берки тарыхый белгиси. Аталышы да тегин жерден эмес, ушул жактарда мурда шамал менен күүгө келген эолофон музыкалык аспабы болгон экен. Азыр добушу табигый жол менен чыкпайт, заманбап акустикалык тутум иштейт.

© Sputnik / Михаил Мокрушин
Пятигорскидеги "Эолова арфа" чатырчасы

Анан да мында ачык көгүш түстүү арашан суусу бар "Бесстыжие ванны" да жайгашкан. Өткөн кылымдын башында айрым эс алуучулар ал жакта жылаңач түшүшчү экен.

  • Пятигорсктун тургундары жана туристтер Провал көлү куйган жерде
    © Sputnik / Денис Абрамов
  • Пятигорск шаарындагы "Бесстыжие народные ванны"
    © Sputnik / Денис Абрамов
1 / 2
© Sputnik / Денис Абрамов
Пятигорсктун тургундары жана туристтер Провал көлү куйган жерде

Азыр Күн же Сүйүү дарбазасы турган жерде Машук сулуунун жүрөгү үчүн Эльбурс менен уулу Бештаунун салгылашы өткөн имиш. Аягы кайгылуу бүткөн окуя, баары каза таап, тоого айланып кетишкен. Ал эми кыздын ташка айланган көз жашынан ушул дарбазалар курулган дешет. Жаңы баш кошкон түгөйлөр бул жакка келип, жигит колуктусун үч жолу эшигинен алып өтсө, тилектери орундалат деген ишеним жашайт эл ичинде.

© Sputnik / Антон Подгайко
Пятигорскидеги кыш

Тамань: эзелкилик, казак орустары жана нике шакектери

Тамань шаарында Михаил Лермонтовдун үй-музейи бар. Акындын урматына эстелик коюлган.

Тамань аймагында эки — Азов жана Кара деңиздери биригет. Дал ушул жерде карадеңиздик казак орустарынын тарыхы башталат. Анын урматына "Атамань" деген ачык асман алдындагы музей жасалган.

Бул калаада да сүйүү даңазаланат. Мисалы, "Эки шакек" деген скульптура турат. "Илгери өткөн заманда бир жалгыз уста бай казак орусунун кызына ашык болгон экен, — деп баяндайт элдик уламышты "Атамань" борборунун методисти Вера Купцова. — Албетте, атасы алардын никесине каршы чыгат. Анан устага анын махабатын даңазалай турган бир нерсе жасоону буюрат". Темир уста нике шакектерин жасайт, ошентип, сүйүшкөндөр баш кошот.

© Sputnik / Виталий Тимкив
Краснодар крайындагы Абрау көлүнүн жээгинде гүлдөгөн сакура

Эл арасында качандыр бир кезде мында эч кандай көлмө болбогону, анын ордунда ири кыштак турганы айтылат. Абрау деген кыз жашаган экен, Дюрсо деген чабанга ашык болуп калат. Сулуунун бардар турган ата-энесине мындай жагдай жакпайт. Бирок ошол кез бул айылдын тургундарына Кудайдын кыжыры кайнап турган убак экен, сел каптайт. Ал эми кыштак жерге сиңип жок болот. Анын ордуна көл жаралат. Ашык болгон түгөйлөр ошол маалда токойдо болгондуктан аман калышат. Абрау айылга келип көз жашын көлдөтөт, күйүтүнө чыдабай чөгүп өлгүсү келет. Бирок өз жанын кыя албайт, чабан сүйгөнүнүн кучагында сууга карай жөнөп кетет.

Азыр көлдүн чети — арзышкандардын жолугушуусуна эң төп келген жер. Мисалы, шампан шарап заводунун жер төлөсүнө түшүп, бул ичимдиктин жүз жылдык сырын билип, башкысы даамынан татып көрүүгө да болот.

119
Белгилер:
саякат, Сочи, Ялта, Россия
Тема боюнча
Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары
Ненецтердин жашоосу, көйгөйү, алардын боор эти менен тең бугулары. Сапар баяны