"Мюнхен" жыйынтыгы: чыдамкайлыктын да чеги болот

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүМюнхен конференциясынын алдында. Архив
Мюнхен конференциясынын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Россия болбосо коопсуздук боюнча өткөрүлгөн быйылкы Мюнхен конференциясынын өзөгү болбой калмак" дейт Системалуу анализ жана божомолдоо борборунун президенти Ростислав Ищенко.

АКШ Мюнхенде адаттагыдай эле президентинин көңүлдү Кытайга буруу боюнча идеясы берилгендигин көрсөттү. Бул мамлекеттик катчы Помпеого Вашингтондун Европаны Россиянын арзан газы менен нефтисинен "сактап калуу" далалатын өзгөчө белгилөөгө жолтоо болгон жок.

Батыш Европа жедеп кыжырына тийген Украинаны бир топ тепкиледи. Президент Зеленскийдин сөздөрү расмий форматтан тыш да талкууга түштү.

Европалыктар аталган конференцияга "Батышсыздык" деген доклад даярдашкан. Аны окугандан кийин өткөн жылдын февралында болгон акыркы конференциядан бери эл аралык саясатта Россиянын ийгиликтеринен тышкары колго илинерлик эч нерсе болбогонун билебиз. Баса, коронавирус чыкты, бирок ал быйылкы жылдын эсебине кирет.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путинге "Батышты кыйратууга" ким жардам берет? Батыш серепчилеринин билгилиги
Европалыктардын Россия акыры ресурстарынын баарын иштетип бүтүп, жеңиштери да соңуна чыгып калды деп ишенгиси келери да анык. Бирок Сириядагы абал тынчын алып тургандай: Асад Россиянын колдоосу менен Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алуусуна аз калды. Мындан улам миллиондогон качкындар "бечара Түркияга" бет алып, ал аркылуу Европага бет алат имиш. Европалыктарды капа кылган нерсе да ушу. Чын-чынына келгенде согушкерлердин карамагындагы аймакта мынча калк жок. Ал жактан качып чыккандардын басымдуу бөлүгү Сирия өкмөтү көзөмөлдөп турган жерлерге барууну туура көрүшөт. Ал жактан кайра террорчулардан бошотулган үйлөрүнө кайтууга оңой эмеспи.

Идлибде ушу тапта 30-50 миңдин тегерегинде согушкер бар. Бирок Европада аларды "эркиндик үчүн күрөшкөндөр" деп таанышат. Мындай качкындарды кабыл албай койгон да болчубу. Анын үстүнө арасында бир катар Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жарандары бар. Эркиндик үчүн күрөшүштү, эми үйгө кайтаар да мезгил жетти.

Россиянын "стратегиялык чыдамкайлыгы" чексиз эмес

Жаңы башталган жыл Кремлдин тышкы саясий жеңиштери менен коштолууда. Муну Чыгыш Европа сезип турат. Жергиликтүү режимдер Россия менен алаканы жакшыртуу зарылдыгы менен азыркы саясий элитанын ага жөндөмсүздүгүнүн ортосунда чайналууда. Бул Мюнхен конференциясында айдан ачык болуп турду.

Негизи Чыгыш Европа мамлекеттеринде отставкага кетпейин, унутта калбайын деп кичинекей согуш баштоого даяр саясатчылар жетишээрлик. Бул үчүн чек ара маселесин да курмандыкка чалууга кайыл.

Россиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: ЕБдин Россияга каршы саясаты европалыктардын пикирине каршы келет
Бирок Евробиримдиктин кыр аркасы болуп, НАТОнун өзөгүн түзгөн Батыш Европа өлкөлөрү мындай кадамга барбайт. Париж менен Берлин эбактан бери Москва менен соода-экономикалык мамилесин калыбына келтирүүнү каалап келет, акыркы убакта аскердик-саясий кызматташуу тууралуу да көбүрөөк айтыла баштады.

Европалыктар жай кыймылдайт. Тышкы саясаты темингиче кечигип да калышы мүмкүн. Кремлдин эл аралык аренадагы ийгиликтеринин башкы

себептеринин бири деп европалыктар бекеринен "стратегиялык чыдамкайлыгын" атабаса керек.

Алчы-таасын жеген саясатчылар "стратегиялык чыдамкайлыктын" да чеги бар экенин билип турушат. Андан тышкары, Чыгыш Европа мамлекеттеринин айрым акылга сыйгыс кадамдары бул чыдамкайлыктын түбүнө эртерээк жетип коюшу ыктымал. Эгер анча-мынча эле согуштук аракеттерди баштап ийсе, Батыш Европа кайдыгер кала албайт, сөзсүз беркилердин таламын талашып чыгат. Албетте, Россия менен Прибалтика же Польша үчүн (Украинаны айтпай тим коелу) эч ким кан кечпейт деңизчи, бирок согуш чыгып кете турган болсо азыркы милдеттемелердин алкагында жасалган билдирүүлөр Россия менен Батыш Европанын ортосундагы соода-экономикалык байланышка чекит коет.

Күтүүсүз чечим

Жалпы жонунан Мюнхен конференциясы башаламан кыймылда өтүп, баарынын башын Россия темасы гана бириктирип турду. Бул Россиянын коңшуларын ойго салышы керек. Көпкө чейин даярдалган өзгөрүүлөр эч ким күтпөй калганда жасалып кетиши ыктымал.

Сербия аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Соккуга даярдык". НАТО Түндүк Македонияны кошуп алуудан эмне пайда көрөт
Аалам чоң бурулуштун алдында турат, мындан улам көптөгөн таасирлүү мамлекеттер оюн эрежелеринин сакталышынын гаранты катары дал Россияны көрүүдө. Буга чейин жыйынтыгы айкын болуп турган нерсе бир заматта тескери болуп чыгышы мүмкүн. Өзгөчө улуулар кичүүлөрдүн эсебинен алакасын бекемдеп аларын унутпаш керек. Анын үстүнө кичүүлөр сиңире албай калчу нерселерди да талап кыла баштаганда ушундай болот.

"Стратегиялык чыдамкайлык" да күтүүсүз бүтүп калышы мүмкүн. Ал бүткөндөн кимдир бирөө галстугун жеп, экинчиси "кiт" эмес экенине сүйүнүп, дагы бири Алеппо үчүн согушту утуп алат. Ар ким өз бактысын өзү жасайт эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0