Көк чай рактын кайсы түрүн алдын алат? Окумуштуулардын изилдөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековЧай куюп жаткан байбчие. Архив
Чай куюп жаткан байбчие. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк чайдын пайдасы — анын курамына кирген затта. Фитохимиялык эпигаллокатехин-3-галлат (ECGC) органикалык заты рак клеткаларын өстүрбөйт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кытай окумуштуулары көк чайдын курамында рак клеткаларын өстүрбөй турган зат бар экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости International Journal of Food Sciences and Nutrition журналынын маалыматына таянып кабарлады.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланын ракка кабылганын кантип билсе болот? Дарыгерлер белгилерин айтты
Билдирмеге таянсак, көк чайды тынбай ичип турган адамдын эмчек рагына кабылуу коркунучу төмөнүрөөк болот.

Кытай окумуштуулары 16 иликтөөнүн жыйынтыгын анализдеп көрүшкөн. Анда бир нече жылдан бери көк чай ичүүнү адатка айландырган аялдардын эмчек рагына кабылуу коркунучу аны аз же таптакыр ичпегендерге караганда төмөнүрөөк экени байкалган.

"Көк чайдын пайдасы — анын курамына кирген затта. Фитохимиялык эпигаллокатехин-3-галлат (ECGC) органикалык заты рак клеткаларын өстүрбөйт. Залалдуу шишиктин өсүүсүн токтотот", — деп айтылат илимпоздордун иликтөөсүндө.

Бирок окумуштуулар "көк чай шишик ооруларын дарылоого жардам берет" деген ойдон алыс экенин айтышкан. Илимпоздор азырынча көк чай эмчек рагынын бардык түрүнө жардам берерин аныкташа элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0