Коронавирус: жуктургандар, сакайгандар жана көз жумгандар. Акыркы маалымат

© REUTERS / POOLКытайлык дарыгерлер. Архив
Кытайлык дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө кантип тарап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка караганда, ушул тапта дүйнө жүзү боюнча COVID-19 коронавирусунан 1 873 адам көз жумду.

Коронавирус жайылган өлкөлөр
Коронавирус: жуктургандар, сакайгандар жана көз жумгандар. Акыркы маалымат - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жайылган өлкөлөр

Ал эми жуктуруп алгандардын саны 73 миңден ашса, 12 745 адам сакайып кетти.

Коронавирус тууралуу

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытай: коронавирус жуктуруп алганын жашыргандар өлүм жазасына тартылат
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Бүгүн эртең менен ЖМКлардын жазганына караганда, Японияда кармалып турган Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0