Instagram наклейкалары. Архивдик сүрөт

Instagram жаңы кызматын сыноодон өткөрүүдө. Пайдасы

330
Опция "Соңку билдирүүлөр" деп аталат. Бул кызматты биринчилерден болуп Android үчүн тиркеменин кодунан изилдөөчү Жейн Манчун Вонг байкаган.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Instagram социалдык тармагын иштеп чыккандар жаңы кызматты тестирлеп жатат. Анын жардамы менен колдонуучулар өздөрүнө катталгандардын жаңы билдирүүлөрүн көрүп турарын TechCrunch порталы жазды.

Опция "Соңку билдирүүлөр" деп аталат. Бул кызматты биринчилерден болуп Android үчүн тиркеменин кодунан изилдөөчү Жейн Манчун Вонг байкаган.

​Вонгдун скриншотунан экранга чыгып турган бир нече сүрөттү көрүүгө болот. Ал белги колдонуучуга башка аккаунттагы жаңы жүктөлгөн маалыматтарды көрүүгө сунуш берип жатканды билдирет.

"Билдирүүлөрдү кароо" баскычын басканда экранда акыркы маалыматтарды көрсөткөн өзүнчө бет ачылат.

2016-жылга чейин посттор хронологиялык тартипте көрсөтүлүп турган. Кийинчерээк иштеп чыгуучулар мындай системаны алып салышкан.

330
Белгилер:
тест, кызмат, Instagram
Тема боюнча
Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы