Солярийде отурган аял. Архивдик сүрөт

Солярийден улам кулагынан айрылган аял. Англиядагы окуя

503
Дарыгерлер 44 жаштагы аялдын меланомасы бар экенин аныкташкан. Бул залалдуу шишик аялдын сол кулагын билинбей "өлтүрө" берген. Оору аныкталгандан кийин ага эки жолу операция жасалган.

БИШКЕК, 19-фев.—Sputnik. Англиянын Болтон шаарынын тургуну күнгө көп кактанам деп бир кулагынан ажырады. Бул тууралуу Unilad басылмасы жазды.

​Билдирмеге караганда, Антеа Смит (Anthea Smith) аттуу англиялык аял 14 жыл тынбай солярийге барып турганы аныкталды.

​"Күнгө күйүүнү адатка айлантып алгам. Мага өзүмдү ошондой алып жүрүү жакчу. Солярий тез эле күйгүзүп койгондуктан, бул процедурага тынбай бара берчүмүн", — деди Смит.

Ал ультрафиолет нуру тери рагын өрчүтүп жиберерин билген эмес. Дарыгерлер 44 жаштагы Смиттин меланомасы бар экенин аныкташкан. Бул залалдуу шишик аялдын сол кулагын билинбей "өлтүрө" берген. Оору аныкталгандан кийин эки жолу операция жасалган. Жыйынтыгында ал сол кулагынан ажыраган.

Бактыга жараша, Смит аман калган, бирок сол кулагы укпайт. Дарыгерлер аял ракка кайра кабылышы мүмкүн экендигин айтышкан.

503
Белгилер:
аял, кулак, Англия
Тема боюнча
Давлетова: пилинг жасатууну декабрдын аягында токтотуш керек
Эл аралык валюталык фондунун имараты. Архив

МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат

47
(жаңыланган 19:32 21.10.2020)
Эл аралык валюталык фонддун (МВФ) жетекчисинин билдирүүсүнө караганда, ири улуттук каржылык уюму Covid-19 пандемиясынын шылтоосу менен 1944-жылга кайтууга же кеминде эле 1944-жылды кайталагысы бар.

Эпидемиянын экономикалык жана гуманитардык кесепеттерин жеңүүгө дүйнөгө көмөкчү болуу туурасындагы МВФ жетекчисинин бул бийик сөздөрүнүн төркүнү башка чоң нерседе көрүнөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бедели өтө төмөн каржылык структуранын гуманисттик ойлоруна бул вашингтондук уюмдун кезектеги карыздары "экономиканы көтөрүү үчүн МВФтин талаптарын" аткаруу үчүн социалдык программаларын кыскартып, мамлекеттик ишканаларын арзыбаган баага сатканын эч качан көрбөгөн киши гана ынанышы мүмкүн. Аталган финансылык уюм тууралуу Иван Данилов сереп салган. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн башкы кредитору (маңызында "планетанын башкы Шейлогу") дагы да баягы эле "глобализм" версиясын жайылтууга багытталат. Аны кандай жагдайда болбосун адилеттүү деп атоого болбойт.

Эгер Covid-19 эпидемиясынын башында батыш маалымат каражаттары жана серепчилери глобализм версиясындагы жашоо үчүн тынчсызданып, деглобализациядан чочулашса, азыр "негизги Шейлок" өзүнө дагы бир Бреттон-Вуд конференциясы керектигин айтып, башкача айтканда, 1944-жылы фонддун түзүлүшүнөн берки схема эпидемиянын курмандыгы болгонун, кызуусунда жаңы, жакшыртылган версиясын тезинен дүйнөгө жайылтууну көздөөдө.

Эл аралык валюталык фонддун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева Андорра фондунун киришине арналган расмий билдирүүсүндө тарыхый учур келгенин белгиледи.

"Биз 190-мүчөбүз катары Андорраны күтүп турганыбызда МВФтин иши адамзаттын бир туугандыкка негизделген кызматташтык жана шериктештигинин баалуулуктарынын күбөсү болуп саналат.

Бүгүн биздин алдыбызда жаңы бреттон-вуд "учуру" турат. Миллиондон ашуун өмүрдү алып кеткен пандемия. Дүйнөлүк экономиканы 4,4% га кыскартып, келерки жылы өндүрүштү 11 триллион долларга кыскартууга алып келе турган экономикалык катастрофа. Адамзат он жылдардан берки ири кыйроо жана улам тереңдеп бара жаткан жакырчылык менен бет келди. Кайрадан биз эки ири милдетти аткарууга: каатчылык менен бүгүн күрөшүп, мыкты келечекти түзүүгө тийишпиз" – деди ал өз сөзүндө.

Американын вакцинага акчасы жеткен жок

1944-жылдагы конференциядан анык эмес бир эпизодду эске салып коюу дурус. Ал конференцияда ар кандай өлкөлөрдүн 44 өкүлү Эл аралык валюталык фонддун уставына кол койгон. Конференцияга чакырылган советтик дипломаттар глобалдык фонд-кредитордун сунушталган иш эрежелери менен таанышкан соң кетип калышкан. Уюштуруучуларга да алар жаңы структура "Уолл-стриттин эле филиалы" болот деп айтышкан. Алардын айтканындай эле болду. "Бреттон-Вудс 2.0" деле ошол эле принциптер менен иш алпарат дегенге негиз бар. Мисалы, МВФтин директор-бөлүштүрүүчүсү эпидемия жүрүп жаткан убакта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алган карыздардын тунуктугу үчүн түйшөлөт. МВФ бүгүн эмнени сунуштап турат: "Биз карыздардын ачыктыгына умтулуп, кредиторлордун координациясын күчөтүүгө умтулуубуз зарыл. "Чоң жыйырманын (G20)" "Суверендүү карызды жөнгө салуунун жалпы негиздери" жаатындагы дискуссиясы, ошондой эле суверендүү карызды, анын ичинде жеке тармакты да катыштыруу менен жөнгө салуунун түзүлүшүн жакшыртууга чакырыгыбыз бизди шыктандырат. Биз мүчө өлкөлөрүбүз менен биргеликте алардын саясатын колдойбуз".

Сыртынан жакшы эле, бирок, америкалыктардын "эрежелерге негизделген дүйнөлүк түзүлүштү сактоо" дегени "Россия Крымды кайтарууга тийиш", ал эми "карыздын ачыктыгы" дегени бул Кытайга тиешелүү.

Февралда эле японилык экономикалык Quartz басылмасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кытай таасири менен МВФ жана Дүйнөлүк банктын күрөшү туурасында жазган.

"Ири кредитор болуп саналбаса да, африкалык өлкөлөрдө капиталдын таасирдүү булагына айланган Кытайдын таасирине МВФ жана Дүйнөлүк банк тынчсызданат. Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасстын айтымында, көйгөй ачыктыктын жоктугунда. "Жаңы кредиторлордун айрымдары Париж клубуна кирбейт, менимче, бул туурасында айтканыбызда адамдар муну Кытай деп түшүнүүгө тийиш", – деген эле Малпасс. "Алар (кытайлык структуралар – авт. тактоосу) насыялоонун көлөмүн кеңейтишти. Бул кайсы бир мааниде жакшы. Бирок алар түзгөн контрактта жарыялабоо туурасында пункт камтылат. Бул Дүйнөлүк банк же жеке секторго келишимдин шарттары кандай экенин көрүүгө тыюу салат". Карызды кечүү маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кытайдын өзү менен эмес, МВФ жана Батыш өлкөлөрүнүн катышуусунда көп тараптуу форматтын алкагында чечилген.

Жаңы дүйнөлүк каржылык бир туугандыкты куруу аракети Пекин абдан жолтоо болуп жаткан колониалдык эмес схеманы кандай жол менен болсо да коргоп калуу далалатындай туюлат.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

МВФ жаркын келечек түзүүгө ниеттенген дагы бир принцип росссиялык экономикалык коопсуздук жана бюджетине түз коркунуч туудурат. "Пандемия көрсөткөндөй, биз эми саламаттыкты сактоо тармагындагы алдын ала көрүлчү чараларды, климаттын өзгөрүшүн көз жаздымда калтыра албайбыз. Климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени, ал макродеңгээлде чечүүчү мааниге ээ жана өсүү жана өнүгүүгө олуттуу коркунуч жаратат. Бул адамдар жана планета үчүн да абдан кооптуу. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй жашыл инвестициялар менен көмүртектин жогорку баасынын туура айкалышында 2050-жылдары экологиялык, миллиондогон жумуш орду түзүлгөн дүйнө курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Төмөн пайыздык чен менен салынган туура инвестициялар эртеңки күнү төрт эсе дивиденд алып келиши мүмкүн. Болочоктогу чыгымдарды жоюп, экономикалык кирешени өбөлгөлөп, өмүрлөрдү сактап жана жалпыга социалдык жана экологиялык пайда алып келиши ыктымал.

Иш жүзүндө бул Батыш өлкөлөрү технологиялык прогресстин жыйынтыктыктары менен 150 жыл жыргап, ал эми калган дүйнө "климатты өзгөртүү" деген ураан алдында түбөлүк жакырчылыкка тушугушу мүмкүн. Анткени, бул маңызында арзан электр кубатын, жеткиликтүү баадагы бензин, кышкысын жетиштүү баада жылуулук жана жөнөкөй эле үзгүлтүксүз электр кубаты менен жабдууга тыюуну туюндурат.

Жашыл энергетика түзгөн жумуш орундары — бул эл аралык чиновник, экологиялык активисттер жана жашыл энергетикадагы европалык жана америкалык компаниялардын акционерлери. Булар мамлекет жана керектөөчүлөрдүн эсебинен өз өндүрүмдөрүн жогорулатылган баада таңуулап сата алышат.

МВФтин жетекчиси айткан "көмүртектин жогору баасы" Евробиримдик улам Россияга каршы киргизери менен опузалап келген "көмүртек тарифинин" эле кабары.

Россияга каршы көмүртек тарифтери киргизилсе, РФтин экспортчулары (социалдык программалары менен бирге россиялык бюджет да) жылына ондогон миллиард долларды жоготот, бирок Грета Тунбергдин күйөрмандары жана жашыл экономиканын тарапташтары бакытка бөлөнүшөт.

МВФ сүрөттөп жаткан жаркын келечек — эзоп тили менен жазылган антиутопия,

экология — бул жакырчылык, транспаренттүүлүк (тунуктук) — бул Вашингтон менен МВФке баш ийүү.

"Бреттон-Вудс 2.0" үчүн эмес, тескерисинче, 1944-жылы АКШда түптөлгөн ушул глобалдык желмогузду түп-тамырынан жоготуу үчүн биз чындап тарыхый учурдун алдында турабыз.

47
Белгилер:
уюм, финансы, Россия, АКШ, Эл аралык валюта фондусу
Тема боюнча
Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"
Мужчина демонстрирует модель разбившегося самолета, найденную на месте крушения лайнера Boeing 777 Малайзийских авиалиний в районе села Рассыпное Донецкой области.

Өз ара сый диалогго чакырып... Европалыктар Россияны сыйлоого аргасыз

62
(жаңыланган 19:10 21.10.2020)
MH17 каттамы кабылган кырсыктын чоо-жайы боюнча Нидерланды жана Австралия менен үч тараптуу консультациядан Россия Федерациясынын чыгуу чечимине байланыштуу Европа бир топ ызы-чуу салды.

Анын өңүтү жана жогорку кызматтагы өкүлдөр айткан калп маалыматтар деле ал апааттын чыныгы себептерин аныктоо боюнча Батыштын ниетинин жалгандыгын тастыктап турат. Мындай ойдун учугун чубаган Владимир Корниловдун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Нидерландынын тышкы иштер министри Стеф Блоктун расмий билдирүүсүн эле карайлычы. Ал: "Бүгүн Россия Федерациясы MH17 каттамынын кыйрашына өз жоопкерчилиги боюнча сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтотуу жөнүндө жарыялады", – деди. Көрсө, кайдадыр "Россиянын жоопкерчилиги тууралуу" сүйлөшүүлөр жүрүп, Россиянын андан кабары жок тура. 2014-жылы июлда кыйроого учураган малайзиялык "Боинг" кырсыктын жагдайы боюнча биринчи консультациялар былтыркы жылдын башында башталган.

РФ: "Алардын көңүл чордонунда кырсыкка Россиянын юридикалык жоопкерчилигин таануу" эмес, кырсыкка байланышкан жана чыныгы себептерин аныктоо үчүн маанилүү суроолордун тобу болот", – деп дароо айткан. Ошону менен бирге эле Москва дагы бир негизги маселени – согуштук аракеттер жүргөн аймактын үстүндөгү өз аба мейкиндигин жаап койбогону үчүн Украинанын жоопкерчилигин кароону баса белгилеген. Албетте, Блоктун мындан кабары бар. Бирок чындыкты атайын бурмалоого барып жатышат.

Бул чечим үчүн Москваны жабыла айыптоого киришкен батыш ишмерлери кырсыктан жабыр тарткандар темасы менен да кызыл кулактык кылууга аракет кылышууда. АКШнын Нидерландыдагы элчиси Пит Хукстра Россиянын үч тараптуу консультациядан чыгышын "кырсыктын курмандыктарынын жакындарына жана адилеттүүлүккө умтулууга кезектеги сокку" деп атады.

Айрым голландиялыктардын реакциясына таңгалып болбойт, алар расмий бийлик тарабынан кандай айтылса, ошол калыбында кабыл алышат эмеспи.

Мисалы, Блоктун окурмандарынын бири Россияга ызырына: "Нидерландыдан тезинен бардык орустарды чыгаргыла, элчиликти жапкыла, Россия менен тышкы сооданы токтотуп, россиялык газды сатып албагыла. Биздин флотту Крымга жөнөткүлө", – деп жазган. Пикирин жазгандардын дээрлик эч кимиси көңүлү сууган голландиялыктарга Москванын бул кадамынын себептерин так түшүндүргөн жок.

Кулаган MH17 учагынын иши боюнча интернетте жаңы документтер пайда болду

РФ Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, эгер голландиялыктар Адам укуктары боюнча европалык сотуна Россияга каршы доо арыз менен кайрылуудан башка жолду тандаган болсо, анда консультацияларды чын дилден улантмак.

"Нидерландынын мындай касташкан аракеттеринен кийин үч тараптуу консультацияны улантуунун, ага биздин катышуубуздун кажети жок. Үч тараптуу консультацияларды үзгүлтүккө учуратууга жоопкерчилик толугу менен расмий Гаагада", – деп айтылат РФ ТИМинин билдирүүсүндө.

Мындай ыңгайсыз учурду батыш басма сөзү көп узартып баяндагысы жок же дегеле андан кеп козгошпойт. Дал Гааганын Адам укуктары боюнча европалык сотуна доо арыз берүү менен кырсыкта набыт болгондордун жакындарына зыян келтиришкен. Алардан жеке доо менен да аталган сотко кайрылгандар болгон. Мындай биринчи арыз 2016-жылдан тарта каралып келип, кийин жаңы доо менен толукталган. Башкача айтканда, MH17 боюнча иш кызуусунда.

Быйыл 10-июлда Нидерланды өкмөтү мамлекеттер аралык доо арыз менен ошол эле сотко кайрылуудан бөлөк түзүгүрөөк эч нерсе таба алган эмес. Анан да эки жүздүүлүк менен доо ал жакта кароодогу иштерди колдоо иретинде берилди дешет. Бул – голландиялык тараптын айдан-ачык калпы.

Гаагада, глобалдык юридикалык калаада Адам укуктары европалык сотуна мамлекеттер аралык доо арыз тапшырылганда ошол эле иш боюнча териштирилип жаткан жеке иштердин баары өлкөлөр арасындагы талаш аяктаганча дароо токтотуларын билишпестигин элестетүү кыйын. Бул Адам укуктары боюнча европалык конвенциясынын (2018-жылы Европа кеңешинин мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган) тутумунун реформасы жөнүндөгү Копенгаген декларациясынын 45-пункту менен даана бекитилген. Башкача айтканда, Гаага MH17 курмандыктарынын туугандарына жамынып, бирок, өзү алардын доо арыздары боюнча соттун чечимдерин бир нече жылга создуктуруп келет (мамлекеттер аралык иштердин каралышы өтө узак жүрүшү мүмкүн). Голландиялык басма сөз, албетте, мындан кеп салбайт.

Аталган сотко Нидерландынын доо арызы башка юридикалык органдар – БУУнун Эл аралык соту менен кызыкчылыктар кагылышын потенциалдуу түрдө түзөт. Анда Россияга каршы Украинанын иши эбак каралып жатат.

Европалык сот (Евробиримдиктеги жогорку соттук инстанция) 2014-жылы эле Адам укуктары боюнча европалык сотунда каралган эл аралык иштер башка эл аралык соттук органдардын юрисдикциясына жолтоо болбоого тийиштиги туурасында пикирин билдирген. Башкача айтканда, Нидерланды өкмөтү жеке арыздарды кароону гана создуктурбастан, ар кандай инстанциялар ортосунда кызыкчылыктардын кагылышын жаратууда.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

Быйыл март айында көп күттүргөн сот процесси Схипхолл аэропортунун аймагында ызы-чуу, шаан-шөкөт менен башталган. Бул процесстин уюштуруучулары күткөндөй болбогону дароо түшүнүктүү болгон. Биринчиден, белгиленген төрт "айыпталуучу" MH17нин кыйрашына эч кандай тиешеси жок (бул процесс улам өрчүгөн сайын баарына бул даана түшүнүктүү болуп баратат). Экинчиден, россиялык атайын кызматтардын офицерлерин процесске байланыштыруу боюнча ушундай эле ызы-чуу менен коштолгон аракеттери текке кеткен.

"Боинг" кыйраган күн жакындаганы анын курмандыктарынын жакындары иш оңунан чыкпай турганын түшүнүп калышты. Алар америкалык элчи Хукстрага жолдогон катта да алар муну ачык көрсөтүшкөн.

Алар АКШны ошол убактагы мамлекеттик катчы Жон Керри айтып чыккан спутниктен алынган сүрөттөрдү сотко көрсөтүүгө үндөшкөн. Бирок баары көрүп тургандай эч кандай сүрөт болгон эмес. Хукстра эми ошол кырсыкта набыт болгондордун жакындары үчүн санаа тартып, Россияны айыптап жатат. Иш сотто утуларын, ал эми Гаага алты жылдан бери коомчулукка эч нерсе көрсөтө албаганын түшүнүп, Адам укуктары боюнча европалык сотко доо арыз менен кайрылууга барган.

Иш боюнча ыңгайсыз суроолордон качуу, коомчулуктун көңүлүн жаңы ишке буруу үчүн атайын дал ушул убак тандалган. Сотто бул иш оңунан чыкпай турганын, ал эми Гаага MH17нин кыйрашынын алты жылдыгына деле Нидерланды менен формалдуу топтун алкагында болсо да кандайдыр бир диалог баштоого үмүт арткан Россия анан кандай кылууга тийиш? Экинчи тарап эбак өзү үчүн чечип алган болсо, кайсы диалог туурасында сөз болсун?

Мында Сергей Лавровдун жакындагы эле: "Батышта тышкы саясатка жооп берген адамдар өз ара сый сакталган сүйлөшүүнүн зарылдыгын аңдай албай турушат. Балким, кайсы бир мезгилге дейре алар менен сүйлөшүүнү токтотууга тийишпиз", – деген сөздөрүн кантип эстебей коебуз?

Россиянын MH17 боюнча консультациядан чыгуу тууралуу чечими – министрдин сөздөрүнүн жүзөгө ашырылышына алгачкы кадам. Биринчи, бирок акыркы эмес. Өз ара сый диалогго европалыктарды мажбурлоого Россиянын жолу башталды дей бериңиздер. Анан да кыйла узак болот.

62
Белгилер:
АКШ, диалог, Россия, Европа
Тема боюнча
Лавров европалык лидерлер менен сүйлөшүүнү токтотууга сөз берди. Себеби
Лавров ЕБдин Россияга киргизген санкцияларына АКШнын катыштыгын айтты
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт