Сибирь саякатчылар үчүн эмнеси менен кызык экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттиги даярдаган макаладан окуңуздар.
Москвадан Тюменге чейин учак менен канча саат деп ойлойсуз? Так билбегендиктен үч сааттан алты саатка чейинки жол деп жоромолдошот. Бирок Сибирь Россиянын борбор калаасына жакын: 2 саат 15 мүнөттө (кээде андан да эрте) жетесиз.
Илгери бул аймакка сүргүнгө айдашса, азыр меймандарды "өз ыктыяры" менен чакырышат. Көрө турган, кыдыра турган, таасирлене турган кызыктары арбын. Россиядагы эң ири театры — Тюмень драма театры дал ушул жерде. Өлкөдөгү жападан жалгыз болгон Тура дайрасынын жээгинин төрт деңгээли бар. Сейилдөөгө көп келишет, анын үстүндө кечкисин шамдары жанган Арзышкандар көпүрөсү турат. Блокададан куткарылгандан кийин келемиштерден арыла албай кыйналган Ленинградга 238 мышык жөнөтүшкөн, алардын элесине Сибирь мышыктары сквери мында 2008-жылы ачылган.Шаардын чет жакасында ысык булактар көп, андан улам жергиликтүү аквапарк башка жактагылардан термалдык суусу менен өзгөчөлөнөт. Аларды геолог-мунайчылар тапкан.
Тюменде уникалдуу өндүрүштөр сакталып калган. Мисалы, көлөмдүү жыгач архитектурасы. Мындагы оюктардын тереңдиги 30 сантиметрге чейин жетет, дүйнөдө теңдеши жок. Былтыр жайда Семаков, Володарский, Тургенев, Республика, Дзержинский көчөлөрү менен өткөн "Тюмень оймонун уламыштары жана символдору" же "Тюмендин алтын чийини" багыты пайда болду. Гид менен да кыдырып же тиркемени телефонуңузга көчүрүп алып, өз алдынча да сейилдесеңиз болот.
Дүйнөгө таанымал килемдердин мекени да ушул облус. Алар табигый жүндөн "махра" технологиясы менен абдан жумшак токулат. Адатта күңүрт өңгө ачык түстүү гүлдөр түшүрүлөт. Үлгүсү Василий Суриковдун "Ак кар баскан шаарды алуу" деген эмгегинде да камтылган.
Эгер Тюмень Сибирдин дарбазасы болсо, Тобольск — анын бөлмөлөрү, руханий борбору. Жападан жалгыз таш кремль да ушул жерде. Жергиликтүү кремль 1683-1799-жылдар аралыгында курулган. Ал эми Сибирдеги таштан тургузулган эң алгачкы курулуш Софий-Успенский байыркы чиркөөсү — Сибирдин көзгө басар туристтик жайы.
Кызыктуу факт: 2010-жылы Тоболь кремлинин фотосу аукциондо 51 миллион рублге сатылган. Аны ошол кездеги президент Дмитрий Медведев өзү тарткан.
Тобольскко барардан мурун былтыр көрөрмандардын назарына коюлган "Тобол" тасмасын көрүүнү сунушташат. Петрдун тушундагы Сибирди өздөштүрүү жөнүндөгү тарыхый драма ушундай эле аталыштагы Алексей Ивановдун романы боюнча тартылган. Тасма тартылган аянтча — тегирмендүү, чиркөөсү бар жыгач үйлөрдүн шаарчасы туристтердин көңүлүн ээлеген объектиси болуп калды.
Дагы бир көз жоосун алган көркөм жай — "Губернатордун үйү". Император Николай IIнин үй-бүлөсүнүн музейи. Ал жакта дээрлик бир жылдай, тагыраак, 1917-1918-жылдар аралыгында сүргүнгө айдалган Романовдор турган. "Тюмень жери падышаны өлтүрбөгөн жер катары белгилүү", — деп сыймыктанышат жергиликтүү тургундар. Бирок бул жактан Романовдорду өлүм жазасына алып кетишкен.
Тюмень менен Тобольскинин аралыгы кан жол менен — 250 чакырым. Жолдон Покровск айылына да токтосоңуз болот (облустун борбор калаасынан 85 чакырым). Бул Григорий Распутиндин мекени. Мында анын музейи бар, Советтер Союзундагы биринчи жеке маданий жай, 1990-жылдан бери иштеп келе жатат.
Музей белгилүү крестьянин жашап кеткен үйдүн (аны 80-жылдары эле бузушкан) өзүндө жайгашпаса да, чертеж менен тургузулган жаңы имаратта. Анда тарыхый инсандын буюмдары, идиш-аягы, эмеректери, иконалары, сүрөттөрү, ошондой эле бузулган үйдүн рамасы сакталып турат.
Экскурсоводдор Распутиндин отургучу тууралуу уламышты айтып беришет: анда отурган киши кызматынан көтөрүлөрү турган иш экен. Москванын мэрлигине шайланардан мурун Сергей Собянин да ошол отургучка отуруп кеткен имиш. Ал эми хоккейчи Владислав Третьяк келип кеткенден кийин Россиянын курама командасы дүйнө чемпиондугуна жеткен.
Туроператордук компаниянын башкы директору Владислав Лутов бөлөк окуяны айтып берди. "Дагы бир белгилүү спортчу экскурсияны ошол отургучта отуруп алып угууну чечкен көрүнөт. Улам кийинки бөлмөгө көтөрүп алып жүргөн. Кийин түрмөгө отуруп калды. "Ашыкча отуруп койгон", — деп эскерет музейдиин директору. Негизи экспонат кызыл тасма менен тосулган, бирок меймандар аябай суранса, айла жок...
Тюменден анча алыс эмес жерде (80 чакырым), бирок башка жолдо Ялуторовск деген декабристтердин шаары бар. "Куткаруучулар союзунун" негиздөөчүлөрүнүн бири Матвей Муравьев-Апостол жашап кеткен 1795-жылкы үй сакталып калган. Бул имарат — тарыхый-мемориалдык музейдин бир бөлүгү. 1950-жылы анын аймагына декабрист Иван Якушкиндин үйүн көчүрүп тургузушкан.
Ялуторовск шаарын Россиянын блин калаасы деп коюшат. Масленицага (быйыл ал 1-мартка туура келет) үч метрлик блин жасашат. Майрамга жыл сайын 25 миңдин тегерегинде мейман келет, алар өздөрү да блин жасай алышат. Бирок аларга кичирээк, бир метрлик көмөч казандарды гана беришет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Бизде эт жана балыктын культу бар, — дейт "Тюмень облусун таанытуу жана туризм агенттигинин" директору Мария Трофимова. — Сүзбөгөн, чуркабаган жана добуш чыгарбагандын баары гарнир гана болуп саналат". Тобол дайрасында жоко балыктарды кармашат. Ал түгүл Тобольскиде "Уху евшие пельмени" деген тамак бар, аны ушул берекелүү балыктын шорпосунда бышырышат.
Тюменден 30 чакырым аралыктагы Успенка айылында "мунай кошулган уха" бышырышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жергиликтүү химиктер өз "сыйкырын" кылышат да, кара алтындын беш литринен 100 грамм кандайдыр бир кара субстанцияны алышат. Ошону уха тамагына кошушат", — деп түшүндүрөт тюмендик ашкананын чебери, шеф-ашпозчу Давид Хачатрян. Чыныгы рецебин эч кимге айтышпайт.
"Смузиге окшоп кетет, болгону алкоголь кошулат", — деген пикирин айтат чычырканак настойкасынан таткан москвалык туристтик фирманын кызматкери. Даамы боюнча бул салтка айланган таттуу тамак смузиден кем калышпайт, кызылгат сууга чыланып, Ялутордун коюлтулган таттуу сүтү менен аралаштырылат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин YouTube каналындагы Геленджиктеги хан сарай боюнча тасма менен 23-январдагы макулдашылбаган акциялар боюнча үн катты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Путин Россиядагы студенттердин күнүнө арналган онлайн-жолугушууда Алексей Навальный даярдаган "иликтөө" тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тема көптөн бери апыртылып келе жатканын, ага азыр элдин башын айлантууга ыңгайлуу убакыт экенин билдирген.
РФ лидери убакыттын тардыгынан тасманы толук көрбөгөнүн, жардамчылары даярдап берген видео топтомдорго көз чаптырганын айткан.
"Бул суроого дароо эле жооп берейин. Меники деп көрсөтүлгөн мүлктөр мага дагы, туугандарыма дагы тиешеси жок жана болгон да эмес. Эч качан. Кагаз жүзүндө ыйгарылган нерселердин дагы далили жок. Ошол жактагы бассейнде түшкөн сүрөтүмдү чыгарышыптыр. Ал негизи 2016-жылы Енисейде тартылган, анан атайын монтаждап коюшкан. Башкачараак нерсени ойлоп тапканга акылдары жетпептир", — деген Путин.
Мындан тышкары, Россиянын президенти 23-январда ар кайсы шаарлардагы макулдашылбаган акцияларга токтолду. Анын айтымында, жарандар саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, өз пикирин билдиргенге жана аны жайылтууга укуктуу. Бирок бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.
"Ошондой эле укук коргоо органдары да мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек. Алар Россиянын элине жана мамлекетине кызмат кылууга милдеттүү. Ушундай жол менен алдыга жыла алабыз деп ишенем", — деди Путин.23-январь, ишемби күнү Россиянын ар кайсы шаарларында Навальныйдын тарапташтарынын макулдашылбаган нааразычылык акциялары өттү. Мыйзамсыз аракеттерди токтотууда кеминде 39 коопсуздук кызматкери жаракат алды.
Полиция биринчи кезекте бетин толугу менен жашыргандарды колго түшүрдү. Кармалгандардын саны боюнча азырынча расмий маалымат жок.
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.
Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.
48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен.Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.
Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.
Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.
Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.