Коронавирустан өлгөн эки ирандык Кытайдан баргандар менен аралашкан эмес

© STRINGERСаламаттык сактоо кызматкерлери коргоочу костюмчан жабдууларды текшерип жаткан убакытта. Архив
Саламаттык сактоо кызматкерлери коргоочу костюмчан жабдууларды текшерип жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандык эки киши вирустан кечээ, 19-февралда, көз жумган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, каза тапкандар Кытайдан келгендер менен же ал жактагы жарандар менен байланышта болгон эмес.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ирандын Кум шаарында коронавирустан эки жергиликтүү тургун каза болду. Алар кытайлык жарандар менен же болбосо ал өлкөгө барып келгендер менен байланышы жок туруп эле ооруну жуктуруп алганын РИА Новости Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин инфекциялык оорулар боюнча улуттук комитетинин мүчөсү Масуд Марданиге шилтеме берип жазды.

Ирандык эки киши вирустан кечээ, 19-февралда, көз жумган. Экөө тең Кум шаарынын жашоочулары экендиги белгилүү болду. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги илдетти жуктуруп алгандар тууралуу өлкөнүн башка аймактарынан маалымат түшпөгөнүн билдирген.

Марданинин айтымында, каза тапкан ирандыктар Кытайдан келгендер менен же ал жактагы жарандар менен байланышта болгон эмес.

"Учурда министрликтин алдындагы инфекциялык ооруларды иликтөө боюнча комитет Кумдагылар дартты кандай жол менен жугузуп алышы мүмкүндүгүн аныктап жатат. Вирус коңшу мамлекеттерден келген саякатчылардын биринен берилген деген божомол бар. Кайсы жерден тараганын так айта албайбыз", — деген ал.

Буга чейин IRNA агенттигине Кум университетинин ректору Мохаммад Реза Гадир коронавируска шектелгендерге атайын эки оорукана даярдалганын билдирип, элди тынчсызданбоого чакырган.

IRIB мамлекеттик телеканалы бейшемби күнү мектеп менен окуу жайлардагы сабактар токтотулганын жазды. Бул чечим коронавирустун айланасындагы абалды талдоо үчүн кабыл алынган.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны Кытайда 74,1 миңге жетти, 2000 миңден көп адам каза болсо, 14,4 миң бейтап сакайып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0