Ракка кабылып тукумсуз болуп калган келин уул төрөп алды. Таң калтырган окуя

© Фото / Pixabay / Myriam ZillesНоворожденный ребенок
Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциялык келин мындан беш жыл мурда эмчек рагына кабылган. Дарыгерлер тез арада химиялык терапияны баштоо зарылдыгын айтып, бирок илдеттен сакайып кеткен күндө дагы ал тукумсуз болуп каларын эскертишкен.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Францияда бир чети таң калтырып, бир чети жүрөк элжиреткен окуя болду. Адам баласынын тарыхында биринчи жолу жетиле элек кезинде алынып, тоңдурулган энелик клеткадан ден соолугу чың бала төрөлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Франциялык келин мындан беш жыл мурда эмчек рагына кабылган. Дарыгерлер тез арада химиялык терапияны баштоо зарылдыгын айтып, бирок илдеттен сакайып кеткен күндө дагы ал тукумсуз болуп каларын эскертишкен.

"Ал кезде 29 жаштагы келин сакайып кетсем балалуу болормун деген үмүт менен энелик жана урук клеткаларын тоңдуруп сактап берчү борборго кайрылган. Бирок ал жактын дарыгерлери энелик клеткалары жетиле электигин, процессти тездетүү үчүн гормоналдык дары-дармек ичиш керектигин айтышкан. Бирок бул нерсе убакытты алып, залалдуу шишикти чоңойтуп жибермек", — деп айтылат макалада.

Ошентип келин менен жолдошу энелик клеткаларды ошол бойдон эле сактатып коюшкан.

Арадан беш жыл өтүп, келин рак илдетинен толугу менен айыккан соң жубайлар балалуу болууну чечишкен. Дарыгерлер жетилбеген клеткадан бала жараларына күмөн санаганына карабай келиндин боюна бүткөн.

Үй-бүлө жакында эле дени сак, алты саны аман уулдуу болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0