18 440 адам сакайды. Коронавирус боюнча азыркы абал

© REUTERS / Heo RanСеул метро станциядагы маскачан кишилер
Сеул метро станциядагы маскачан кишилер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө кантип тарап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Акыркы маалыматтар боюнча, 76 497 киши COVID-19 коронавирусуна кабылды. Бул боюнча Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтында жазылды.

Коронавирус жайылган өлкөлөр 2020-жылдын 20-февралындагы маалыматы
18 440 адам сакайды. Коронавирус боюнча азыркы абал - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жайылган өлкөлөр 2020-жылдын 20-февралындагы маалыматы

Ал эми сакайып кеткендердин саны — 18 440, көз жумгандар — 2 247.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0