Корейлерге "Оскарды" кантип бердиңер?! Трамп "Мителер" тасмасын сындады

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк кореялык режиссёр Пон Чжун Хонун "Мителер" деген тасмасы "Оскар" сыйлыгынын тарыхында биринчи жолу чет элдик тасма катары баш байгени жеңип алган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Кореянын "Мителер" тасмасына "Оскар" сыйлыгынын "Жылдын мыкты фильми" байгеси берилгенине нааразы болду. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Мамлекет башчысы мындай чечимди сынга алып, АКШнын Түштүк Корея менен соода-сатык жаатында көйгөйү көп экенин белгилеген.

"Эмне балээ болуп жатат? Түштүк Корея менен соода жаатында жетиштүү көйгөйлөрүбүз бар. Эми аларга "Жылдын мыкты фильми" сыйлыгы берилип жатат. Бул өзү кандай? Бул кино "чет элдик мыкты тасма" сыйлыгын алат деп ойлогом. Жок, мурда деги ушундай болду беле?", — деп Трамп Колорадо штатындагы митингде сүйлөгөн.

Белгилей кетсек, түштүк кореялык режиссёр Пон Чжун Хонун "Мителер" деген тасмасы "Оскар" сыйлыгынын "Жылдын мыкты тасмасы" номинациясын алган. Тарыхта биринчи жолу чет элдик кино бул номинацияны жеңип алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0