Интернеттеги "канжалаган" фламингонун видеосу элдин оозун ачырды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүФламинго. Архив
Фламинго. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канаттуу баласын тамактандырып жатканда өзүнүн ашказанынан кандын өңүндөй суюктук иштелип чыгат. Бул витаминдерге бай азык. Баса, фламингонун өңү кызарып турушуна дагы дал ушул зат жардам берет.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бир фламинго экинчисинин башын чокуп, канжалатып жаткан сымал видео интернетке тарап, көпчүлүктү таң калтырып жатат. Бул тууралуу NDTV басылмасы жазды.

Индиядагы токой чарбаларынын биринин кызматкери Парвин Касван бул видеону өзүнүн Тwitter баракчасына жүктөгөн.

​Окумуштуулардын айтымында, бул эч кандай кол салуу же жүрөк үшүн ала турган окуя эмес, балапанды тамактандырган кадимки эле көрүнүш.

"Канаттуу баласын тамактандырып жатканда өзүнүн ашказанынан кандын өңүндөй суюктук иштелип чыгат. Бул витаминдерге бай азык. Баса, фламингонун өңү кызарып турушуна дагы дал ушул зат жардам берет. Анткени баласы кичине кезде канаттуулар кадимкидей агара түшөт", — деп айтылат маалыматта.

Видеону эки күндүн ичинде 200 миңден ашык адам көргөн. Колдонуучулардын айрымдары бул нерсе баары бир жагымсыз көрүнөрүн айтышса, башкалары жаратылыштын  бул сыяктуу укмуштуудай кубулуштарына таң калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0