Акылдуу пил. Жаныбардын амалы видеого түшүп калды

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиянын токой чарбасынын кызматкери Парвин Касвандын айтымында, пилдер табиятынан интеллекти бийик келип, кырдаалды мыкты анализдешет.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Социалдык тармактарда акылдуу пил жөнүндө видео популярдуу болуп, колдонуучулар арасында талкуу жаратууда. Бул тууралуу NDTV басылмасы жазды.

Кадрларда көрүнүп тургандай, жаныбар дөңсөөгө ой келди жерден эмес, тепкич менен чыккан.

​Индиядагы токой чарбаларынын биринин кызматкери Парвин Касвандын айтымында, пилдер табиятынан интеллекти бийик келип, кырдаалды мыкты анализдешет.

Видеону бир нече күндө 30 миңден ашуун адам көргөн. Айрымдар жаныбардын адамдан да акылдуу экенин айтып таң беришсе, башкалар жыгылып кетип, жаракат албасын деп санааркаганын жазышкан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0