Путин: Россия "келечектин куралын" чыгарат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери мындан ары да өлкөнүн стратегиялык күчтөрүнүн кубатын чыңдоо пландалып жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россия заманбап куралдарды жана техникаларды киргизүү үчүн армия менен флотту модернизациялоо иштерин улантат. Бул туурасында президент Владимир Путин Коргоо министрлигинин Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өткөргөн концертинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Россия лидери мындан ары да стратегиялык күчтөрдүн потенциалын чыңдоо пландалып жатканын айткан. Ага ылайык, заманбап куралдар, анын ичинде лазердик жана атмосферадагы үндүн ылдамдыгынан да тез болгон комплекстер бардык аскер бөлүктөрүнө киргизилет.

"Россия чыгарып жаткан куралдардын көбүнүн дүйнөдө аналогу жок. Аларды "келечектин куралы" деп атаса болот. Биз сыноо этабынан аскердик нөөмөттө ар дайым даяр тургандай режимге өттүк", — деди Путин.

Президент аталган куралдар Россиянын келечектеги коопсуздугун камсыздай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0