Корея менен Италияда бир суткада коронавируска чалдыккандардын саны кескин өстү

© AFP / STRОоруканада кызматкер коргоочу көз айнек кийип жаткан убакытта. Архив
Ооруканада кызматкер коргоочу көз айнек кийип жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дүйнө жүзү боюнча вирустан 2 610 киши көз жумуп, 25 миңге чукул бейтап сакайып кетти. Оорудан улам айрым мамлекеттерде окуу сабактары токтотулду.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 24-февралдын эртең мененки маалыматына карата COVID-19 коронавирусуна дүйнө жүзү боюнча 79 360 адам чалдыкканы тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтына жазылды.

Кечээ, 23-февралда, ооругандардын саны 78 766 болчу. Тагыраагы, бир суткада бейтаптардын саны 594кө өскөн.

Коронавирус менен ооруган бейтапты ооруканага жеткирип жаткан медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус Италияда 132 кишиге жугуп, мектеп, окуу жайлар жабылууда
Вируска бардыгынан көп Түштүк Кореянын тургундары кабылган. Ал жакта илдетти жуктургандардын саны 556дан 763кө чейин өсүп, жети киши каза тапкан. Италияда болсо дартка чалдыккандардын саны 132ден 157ге жетти.

22-февралда Италияда ооругандардын саны 62 эле болчу. Учурда аталган өлкөдө мектеп менен окуу жайларда сабактар токтотулуп, бир катар мелдештер болбой калды.

Жалпысынан дүйнө боюнча вирустан 2 610 киши көз жумуп, 25 миңге чукул бейтап сакайып кетти.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0