Көрүнгөндү көчүрө бербе! Смартфон аркылуу тыңчылык кылган программалар айтылды

© AFP / LIONEL BONAVENTUREМобильная сеть в Париже
Мобильная сеть в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин пикиринде, смартфондун биринчи душманы — анын шалаакы кожоюну. Мындай адамдар тиркемелерди атайын дүкөндөрдөн эмес, браузерден эле көчүрө берет.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Көпчүлүк колдонуучулар өзү билбей эле смартфон ээси тууралуу жеке маалыматтарды чогулткан, сүйлөшүүлөрүн тыңшаган тиркемелерди көчүрүп алат. Бул тууралуу Риссиянын Group-IB компьютердик криминалистика лабораториясынын жетекчиси Сергей Никитин "Известия" басылмасына айтып берди.

Анын пикиринде, смартфондун биринчи душманы — анын шалаакы кожоюну. Мындай адамдар тиркемелерди атайын "дүкөндөрдөн" эмес, браузерден эле көчүрө берет.

"Интернетке тиркеменин атын жазып издей баштаганда сап башына расмий сайт эмес, шылуундар атайын даярдап койгон жарнамалар чыга баштайт. Айрымдар байкабай эле аны көчүрүп алат. Ошол маалда телефонго зыянкеч файлдар өтүп кетет", — деди Никитин.

WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp кейпин кийген вирус 25 миллион смартфонду "талкалады"
Адистин айтымында, кылмышкерлер өзүнүн зыяндуу тиркемелерин сүрөттү редакторлоочу программалардын ичине катып коюшат.

Ошондой эле Никитин вируска каршы программаларды көчүрүүдө сак болууга чакырат.

"Вируска каршы программаларды көчүрүүдө аты таанылып калган бренддерди тандаган туура. Антпесе азыр фейктер абдан көп", — деди ал.

Мындан тышкары, "атайын мүмкүнчүлүктөрү бар" (ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн) делген тиркемелерди дагы кылдаттык менен тандоону сунушташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0