Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус жуктуруп алды

© AFP / IRANIAN PRESIDENCYИрандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи
Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдетке кабылган аткаминер өлкөдө коронавируска каршы күрөшүү иштеринин башында тургандардын бири болгон.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу министрдин кеңешчиси Али Реза Вахабзаде билдиргенин РИА Новости жазды.

​Кечээ Харирчи жана Иран өкмөтүнүн өкүлү Али Рабии маалымат жыйын өткөргөн. РИА Новостинин кабарчысы министрдин орун басары ошол учурда дагы тынбай жөтөлүп жатканын айтты.

​​"Соңку күндөрү илдетке каршы күрөшүү иштеринин башында турган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Харирчи тест тапшырганда коронавирус жуктурганы аныкталды", — деп жазган министрдин кеңешчиси Twitter баракчасына.

Ооруканада вакцинация өтүп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын элчиси коронавирусту ооздуктай турчу вакцина боюнча маалымат берди
Кийинчерээк Иран парламентинин депутаты Махмуд Садеки дагы вирус жуктурганы белгилүү болуп, ооруканага жаткырылган.

Аталган өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 61ге жетип, 12 адам каза болгон.

Жугуштуу оору Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу кыргыз өкмөтү бүгүн Түштүк Корея, Иран жана Япониядан келгендерге карантиндик тартип киргизди.

Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 2 663 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 80 миңге чукулдады. Ошол эле учурда 27 миңден ашуун адам айыкканы белгилүү болду.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0