Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы, Албания премьер-министри Эди Рама. Архив

ЕККУ төрагасы Sputnik Эстония боюнча абалга пикирин айтты

26
ЕККУнун өкүлү Арлем Дезир эстон бийлигинин ЕБдин жеке санкцияларын Sputnik Эстония жамаатына колдонушу сөз эркиндиги жаатында көйгөй жаратарын айткан.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы, Албания премьер-министри Эди Рама Sputnik Эстония кабылган көйгөйдү көңүлгө аларына убада берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Сиздин айткандарыңыздын баарын угуп, жазып алдым. Бул менин ыйгарым укуктарыма кирбейт, бирок албетте, эсиме алам", — деген ал аталган порталдын жетекчиси Елена Черышеванын Эстония бийлигинин журналисттердин кысымга алганын көзөмөлдөө өтүнүчүнө жооп берип жатып.

Кечээ РФ ТИМинин Кабыл алуу үйүндө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Эди Рама жолуккан.

ЕККУнун өкүлү Арлем Дезир эстон бийлигинин ЕБдин жеке санкцияларын Sputnik Эстония жамаатына колдонушу ЖМК эркиндиги жаатында көйгөй жаратарын айткан. Таллинди журналисттердин ишин керексиз чектөөдөн алыс болууга чакырган. Дезир Sputnik Эстония Евробиримдиктин санкцияларынын тизмесинде жок экендигин баса белгилеген.

Ал арада Лавров менен Эди Рама жолуккан жерде — РФ ТИМинин Кабыл алуу үйүндө Sputnik Эстонияны колдогон пикет өттү.

Пикетке чыккандар кызгылт сары Sputnik агенттигинин расмий түсүндөгү күрмөлөрдү кийип алып, имараттын кире беришинде турду. Колдоруна "Эстония — журналисттердин концлагери болуп калды", "Балтика боюндагы өлкөлөрдүн журналистинен колуңду тарт" деген ураандарды кармап алышкан.

Буга чейин Москва ЕККУнун Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча өкүлү Арлем Дезирдин эстон бийлигинин Sputnik Эстонияны басмырлаган саясатын кайра каратып чыгуусуна үмүт арткан.

Sputnik Эстония журналисттерин коркутуп-үркүтүү

Декабрда Sputnik Эстония редакциясынын кызматкерлери Полиция департаментинен "Россия бүгүн" эл аралык агенттиги менен иш келишимин бузбаса кылмыш ишин козгоо боюнча билдирүүлөрдү алган. Мындай аракетин Таллин Евробиримдиктин 2014-жылы март айында киргизген санкциялары менен түшүндүргөн. Тизмеде "Россия бүгүн" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевдун болгону менен агенттиктин өзү тууралуу айтылган эмес.

Натыйжада журналисттер 1-январдан тарта "Россия сегодня" эл аралык агенттиги менен келишимин токтотуп, Sputnik Эстония сайты өзгөчө кырдаал режимине өткөн.

Москвадагы жогорку кызматта турган адамдардын бири РИА Новостиге эстон бийлигинин бул кадамына британиялык кураторлорунун тиешеси бардыгын айткан. Мындай нерсе жакын арада Россиядагы британдык ЖМКларга карата тиешелүү чараларды көрүүдө эске алынарын белгилеген.

"Россия сегодня" эл аралык агенттиги эстон бийлигинин бул аракетин ачык эле көө жабуу, укуктук өзү билемдик, сөз жана басма сөз эркиндигин көз көрүнөө бузуу деп атаган. Муну менен катар эле эл аралык жана европалык уюмдарга: Бириккен улуттар уюмуна, Европа Биримдигине, Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмуна, Европа парламентине, "Чек арасыз кабарчыларга" кайрылган.

26
Белгилер:
санкциялар, ЖМК, ЕККУ, Эстония, Россия
Тема боюнча
Sputnik Эстониянын башчысы Черышева Таллиндин аракетин цензура деп атады
Лавров: Sputnik Эстониянын айланасындагы абал Евробиримдикке көө жапты
Буурчак. Архив

Окумуштуулар кайсы өсүмдүк жүрөк ооруларына, кант диабетине жардам берерин айтты

18
(жаңыланган 08:32 09.08.2020)
Буурчак дандары (буурчак, кой буурчак, жасмык) жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебинен адамдагы кант, холестерин азаят.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Буурчак өсүмдүктөрү кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, жүрөк ооруларын алдын алат. Бул тууралуу “Известия” жазып чыкты.

Канададагы Гуэлфск университетинин дарыгерлеринин айтымында, буурчак азыктар жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, анын эсебенин организмдеги кант жана холестерин азаят.

Ал эми Food.news интернет порталы жогорудагы өсүмдүктөр кан тамырларды жабыркатпай турганын жазат. Бирок ошол эле маалда аны бардык илдеттерге шыпаа болот деп санабоо керектигин эскертет.

Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

Анын курамында түрдүү клетчатка жана белок арбын. Адистер андан тамак-аш даярдоо алдында буурчактарды сегиз саатка чейин сууга чылап койсо, көбүүрөк пайда болорун баса белгилешет.

18
Белгилер:
төө буурчак, Окумуштуулар, ден соолук
Тема боюнча
Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди
Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

128
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

128
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео