Маршрутка отурган жүргүнчү. Архивдик сүрөт

Коронавирус маршрутка же көчөдөн жугабы? Дарыгердин пикири

1046
(жаңыланган 13:41 06.03.2020)
Россиялык дарыгер COVID-2019 коронавирусу башка вирустарга салыштырмалуу алсызыраак экенин жана ал кантип жугарын айтып берди.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. COVID-2019 коронавирусу башка вирустарга салыштырмалуу алсызыраак келип, адамдар тыгыз байланышта болмоюнча көп жуга бербейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын эмгек сиңирген дарыгери, Европанын гастроэнтерологдор ассоциациясынын мүчөсү Алексей Яковлев айтып берди.

Анын түшүндүргөнүнө караганда, коомдук жайларда коронавирус жуктуруп алуу тобокелдиги азыраак.

"Бир адамдан экинчи адамга жугуш үчүн алар жабык бөлмөдө, бири-бирине абдан жакын отурушу керек. Же оорулуу адамдын каны, шилекейи же мурдунун суусу тийген жерди башка киши кармап, ошол замат колун оозуна, мурун көңдөйүнө же көзүнө тийгизген учурда вирус жугуп калат", — деди дарыгер.

Ал эми оорулуу адам чүчкүргөн учурда шилекейи териге гана тийсе, вирус жуктуруу коркунучу абдан эле төмөн экени айтылды.

Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрь күнү ДСУга Хубэй аймагындагы белгисиз пневмония дарты жөнүндө маалымат берген. Адистер ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгогонун аныкташкан.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

1046
Белгилер:
Россия, Кытай, коронавирус, дарыгер
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (517)
Тема боюнча
Япония: лайнердеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды
Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик теңи айыкты
Коронавирус жуктуруп алды деген Жеки Чан үн катты
Коронавирус жайылган өлкөнүн жарандарын КРге киргизүүгө тыюу салынды