Коронавирустан корккон Иран тургундары оорукананы өрттөп салышты. Видео

© Фото / West Asia News Agency / Nazanin TabatabaeeСитуация в Иране в связи с коронавирусом
Ситуация в Иране в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык мекемени жергиликтүү тургундар өрттөөгө аракет кылышкан. Алар коронавируска кабылган ондой адамдын ооруканага алып келинишине нааразы болушту.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ирандын Бендер-Аббас шаарынын тургундары коронавируска кабылган бейтаптар жатат делген ооруканага өрт коюшту.

​29-февраль күнү болгон окуянын видеосун Iran International телеканалы өзүнүн Twitter-аккаунтуна жарыялаган.

Анда көрүнүп тургандай, дарбазанын ары жагында ооруканалардын биринен жалындаган өрт чыгып жатат. Шаардыктар окуяга көз салып турушкан.

Телеканалдын айтымында, медициналык мекемени жергиликтүү тургундар өрттөөгө аракет кылышкан. Алар коронавируска кабылган ондой адамдын ооруканага алып келинишине нааразы болушкан.

"Бир нече убакыт өткөндөн кийин өрт өчүрүлгөн. Андан жабыркаган, каза болгондор катталган эмес", — деп жазылат билдирмеде.

Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимге ишенебиз? Италиядан келип карантинге алынбаган аял окуянын чоо-жайын айтты
Кийинчерээк Хормозган медициналык окуу жайынын өкүлү Фатима Норузян телеканалга маек куруп, "Бендер-Аббас ооруканасына илдетке кабылган жаңы бейтаптар алып келинди" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айткан. Бул ушакты жергиликтүү тургундар өздөрү эле таратканы маалым болду.

Бул вирустан Ирандын Ватикан жана Египеттеги мурдагы элчиси Хади Хосроушахи көз жумуп, саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи жуктуруп алганы кабарланган. Акыркы маалымат боюнча Иранда вирусту жуктуруп алгандардын саны 978ге жетти. Анын 54ү каза болду.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча коронавирус Кытайдан тышкары 53 мамлекетке жайылып кеткен. Жуктуруп алгандардын саны 6000ден ашса, анын 86сы көз жумду. Европада дартка чалдыккандардын саны боюнча Италия алдыда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0