Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРязань шаары. Архив
Рязань шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Есенин, академик Павлов жана десантчылардын көңүлүн ээлеген жер... Рязань калаасы тууралуу эмне белгилүү? Шаар бир эс алууну ушул жакта өткөрүүгө арзыйт.

Байыркы жыгач үйлөргө бай тыптынч көчөлөрүн аралай, ак таштуу кремлди кыдырып, шаардык паркта сейилдөө жана өткөн кылымдын башындагы Эстүүлөр коомунун аракеттерине баа берүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болот. Байыркы шаарга аяк басканда муну колдон чыгарбаңыз дейт биздин өнөктөш – РИА Новости агенттиги.

Кремлдин создуккан курулушу жана "куугунтукталган" чиркөө

Шаардын чордонун урагыс сепилдер эмес, XIII кылымдын коргонуу чептери коргоп турат. Кремль үч тарабынан дайра менен курчалат, суу киргенде жарым аралга карап калат.

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРязандагы Успен собору жана Спасо-Преображенский эркектер үчүн монастыры
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Рязандагы Успен собору жана Спасо-Преображенский эркектер үчүн монастыры

Калаага кире бериште сизди XVIII кылымдын аягында шаардыктар ашар жолу менен топтогон каражатка тургузула баштаган коңгуроо мунарасы тосуп алат. Анын биринчи кабатын Костромадан чакырылган архитектор курган, бирок калган үч баскычы кийинки жүз жылдыктын ортосунда гана бүткөрүлгөн. Ар бир кабатына жаңы архитектор жооптуу болгон.

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРязандагы Успен собору жана Спасо-Преображенский эркектер үчүн монастырдын Успенский соборунун коңгуроо мунарасы
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Рязандагы Успен собору жана Спасо-Преображенский эркектер үчүн монастырдын Успенский соборунун коңгуроо мунарасы

Жергиликктүү Успенский собору Москвадагы ушундай курулушка абдан окшош. Ак таштан чегилген көз жоосун алган өсүмдүктөр орнаменттерин карап эле тургуң келет.

Бул архитектуралык шедеврдин таржымалы жөнөкөй эмес. Анын курулушуна 1684-жылы киришишкен, бирок усталар үч жылда араң жер астындагы кабатын куруп бүтүшкөн. Ишти башкаларга табышташат, бирок артык кылабыз деп чоң ката кетиришкен. Курулушу дээрлик аягына чыгып калган имарат 1692-жылы эсептен жаңылуунун айынан урап түшкөн.

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРязандагы Успен собору (алдыңкы планда) жана Спасо-Преображенский эркектер үчүн монастырдын Богоявленский храмы
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Рязандагы Успен собору (алдыңкы планда) жана Спасо-Преображенский эркектер үчүн монастырдын Богоявленский храмы

Ошол убактагы белдүү архитектор Яков Бухвостовдун (нарышкин стилинин негиздөөчүлөрүнүн бири) командасы храмдын курулушун жана жасалгаланышын 1702-жылы аяктаган. Дагы бир ак таштуу кремлдин курулушту "Олегдин ордосу" деп коюшат, бирок аныгында ал — архиерей үйү. Негизги кабаты — экинчиси, бул анын эшик-терезесинин алкактарынан дароо байкалат. Азыр мында край таануу музейи бар.

CC BY-SA 2.0 / Alexxx-Malev / Рязандагы Олег ордосу (Архиерей үйү)
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Рязандагы Олег ордосу (Архиерей үйү)

Жанында XVII кылымдагы эки кабат имарат, эгин сактоочу амбар бар. XIX кылымда аны мейманканага айландырышкан. Андан бир аз нары Рязань гана тургай, бүтүндөй Россия үчүн таң каларлык болгон, XVII кылымдын эки чатырлуу таш храмы — Ыйык Рух чиркөөсү жайгашкан.

Храм Никон патриархтын эки чатырлуу чиркөөлөрдүн курулушуна тыюу салышынан кийин курулган.

Весна в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Ялтадан Сочиге дейре: Россиянын түштүгүндөгү түгөнбөгөн кызыктар
Рязандын белгилүү уулдарынын бири физиолог жана Нобель сыйлыгынын Россиядан чыккан тун лауреаты Иван Павлов өз ата-энесинин үйүн ушундай сүрөттөгөн. Бүгүн — бул академиктин мемориалдык музей-короо жайынын бөлүгү.

Павловдордун үй-бүлөсүндө беш бала бар эле. Алардын бөлмөлөрү өйдөкү кабатта, ал эми ылдыйкы кабатта дин кызматкери болгон атасынын кабинети, ата-энесинин уктоочу бөлмөсү, конок бөлмөсү, ашкана жана тамак ичүүчү бөлмө жайгашкан. Жасалгаланышы жана тиричилик мүмкүн болушунча так курулган.

Ивандан тышкары табигый илимдерге анын үч иниси да кызыккан. Буга алардын бөлмөсүндөгү микроскоп, жаныбарлардын териси, химиялык реагенттер менен колбалар, китептер далил. Короодо академиктин сүйүктүү оюну болгон "городки" үчүн аянтча белгиленген. Короо жайда крокет үчүн талаа, беседка, окумуштуунун эстелиги турат.

CC BY 3.0 / Sergey Lemtal / Трубеж жээгиндеги Ыйык Рух чиркөөсү
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Трубеж жээгиндеги Ыйык Рух чиркөөсү

"Илим үйүндө" эксперименталдык медицинанын Ленинград институтунан алынган Павловдун итинин кеби жана окумуштуунун илимий жетишкендиктерин айгинелеген башка экспонаттар бар.

Чиймеленген мунаралар (теремдер) жана эстүүлөр үчүн үй

Рязандын борборунда XIX жана XX кылымдын башындагы көптөгөн жыгач курулуштары, айрымдары жакшы абалда болбосо да сакталып калган. Дал ошолор шаарды чындап жайлуу кылат.

CC BY 3.0 / Ceroi / Рязандагы академик Павловдун музей-короо жайы
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Рязандагы академик Павловдун музей-короо жайы

Первомай проспектинде оюп-чиймеленген терезе жапкычы, каалга алкактары, ар кандай кичинекей мунара жана чакан тирөөчтөрү бар теремди (бийик үйдү) байкабай калуу мүмкүн эмес. Азыр бул имаратта бала бакча жайгашкан, ал эми XIX кылымдын аягында Михаил Селиванов деген көпөс, бетон-мозаикалык заводунун кожоюну жашаган.

© Sputnik / Владимир Первенцев / Медиабанкка өтүүРязандагы академик Павловдун музей-короо жайы
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Рязандагы академик Павловдун музей-короо жайы

Семинар көчөсү эки жыгач имараты менен даңазалуу: акын Сергей Есенин көп келип турган Овсянниковдун киреше булагы болгон үйү жана XIX кылымда шаарда алгач ирет фотоателье курган Еропкиндердин үй-бүлөсүнүн өздөрү турган тамы.

© Sputnik / Владимир Первенцев / Медиабанкка өтүүПавловдордун үйүндөгү конок бөлмөсү
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Павловдордун үйүндөгү конок бөлмөсү

Еропкиндер үйдүн экинчи кабатын опералык ырчы Надежда Забеланын атасы, аткаминер Иван Забелага ижара беришчү. Ырчы айым — сүрөтчү Михаил Врубелдин жубайы. Чыгармачыл түгөйлөр бул үйдө эки ирет мейман болушкан. Бир аз мурда бул эки имарат тең турак жайга айланган. Бирок ушул тапта азыр Овсянниковдун үйү эскилигинен улам көчүрүлгөн.

Жакшы сакталып калган жайы — шаардын паркындагы Дворяндар жыйынынын жайкы клубу. Ал 1905-жылы рязандык эстүүлүк коомунун демилгеси менен курулган. Алар бул жерди жакшынакай кийинген жарандар маданияттуу жана эстүүлүк менен эс ала тургандай жайга айландырууга ниеттенишкен.

© Sputnik / Анна Стефаненко / Медиабанкка өтүүРязандагы Дворян жыйын жайкы клубундагы бий
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
Рязандагы Дворян жыйын жайкы клубундагы бий

Террасада чакан ресторан жана буфет иштечү, залдагы атайын орнотулган столдордо карта ойношкон. Советтер Союзунун убагында мында Пионерлер үйү жайгашкан, азыр мында элдик чыгармачылык облустук илимий-методикалык борбору иштейт.

Чалгынчы козу карындар жана аба десанттык музейи

"Рязанда көздүү козу карындар бар, жеп жатканда алар көз албай карап турат" деген белгилүү кыска жомоктон улам Рязандын дээрлик бардык меймандары "көздүү козу карын" эстелигин көрүү үчүн шаардык паркка жөнөшөт.

CC BY 3.0 / Максим Шанин / "Грибы с глазами" (“Көздүү козу карындар”) эстелиги
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил - Sputnik Кыргызстан
"Грибы с глазами" (“Көздүү козу карындар”) эстелиги

XIV кылымда козу карындар "чалгынчылардын" ролунда болгон. Жергиликтүү калкка аларды тебелеп жана үзүүгө тыюу салынган. Ошондуктан эгер алардын тепселгенин көрүшсө, Алтын Ордонун жоокерлери өткөнүн билишкен.

Рязань Аба десанттык күчтөрүнүн мекени болуп саналат.

Калаада офицер-десантчыларды даярдаган гвардиялык аскер-командалык жогорку окуу жайы бар. Жанында Аба десанттык күчтөрүнүн музейи жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0