Сакайгандардын саны 45 миңден ашты. Коронавирус боюнча бүгүнкү абал

© Kim Hong-JiСитуация в Южной Кореи в связи с коронавирусом
Ситуация в Южной Кореи в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө кантип тарап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 2-март күнкү маалыматтарга караганда, COVID-19 коронавирусуна кабылгандардын саны 89 072 кишиге жетти. Бул боюнча Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтында жазылды.

Ал эми сакайып кеткендердин саны — 45074, көз жумгандар — 3048.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0