Жылдын мыкты автоунаасы аныкталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүPeugeot 208 унаасы. Архив
Peugeot 208 унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Peugeot 208 автоунаасы алгачкы жолу Женевадагы автосалондордун биринде 2012-жылдын март айында көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Car of the Year 2020 сынагында жылдын мыкты автоунаасы болуп Peugeot 208 табылды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын расмий сайтында жарыяланды.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
"Мыкты темир тулпар" наамына ээ болгон автоунаадан сырткары бул макамга BMW 1-Series, Ford Puma, Porsche Taycan, Renault Clio, Tesla Model 3 жана Toyota Corolla автолору ат салышкан.

Калыстар тобу 23 өлкөдөн чогулган 60 адистен турду.

Peugeot 208 автоунаасы алгачкы жолу Женевадагы автосалондордун биринде 2012-жылдын март айында көрсөтүлгөн.

Car of the Year — авто куруучулар арасында өткөрүлүүчү сынак. Ал 1963-жылы негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0