Түштүк Кореяда Храм скинии свидетельства Шинь-чонджи христиан сектасынын башчысы Ли Ман Хи өлкөсүнө коронавирустун жаңы түрүн алардын сектасы жайылтканы үчүн кечирим сурады

Түштүк Корея: коронавирус жайылткан сектанын лидери тизелеп кечирим сурады. Видео

510
(жаңыланган 13:38 06.03.2020)
Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 4812ге жетти. Анын 60 пайызы дал ушул сектанын мүчөлөрү.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Түштүк Кореяда "Храм скинии свидетельства Шинь-чонджи" христиан сектасынын башчысы Ли Ман Хи өлкөсүнө коронавирустун жаңы түрүн алардын сектасы жайылтканы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу BBC кабарлады.

Лидер маалымат жыйын берип жатып кечирим сурап, кылган ишине өкүнүп жаткандыгынын белгиси катары ийилип, тизелеген.

​Белгилей кетсек, Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 4812ге жетти. Анын 60 пайызы дал ушул сектанын мүчөлөрү.

"Бул атайын жасалган эмес, көбү жуктуруп алышты. Биз оорунун алдын алып, адамдарыбызды илдеттен сактап калууга аракет кылдык, бирок колубуздан эч нерсе келген жок", —деди секта лидери.

Сектанын 88 жаштагы башчысы Ли Ман Хи дагы анализ тапшырып, бирок андан COVID-19 аныкталган эмес.

Коронавирус Түштүк Кореянын Тэгу шаарынан жайылып башталган. Анда сектанын мүчөлөрү өз ырым-жырымдарын жасап жатып бири-бирине вирусту жуктуруп алган. Мындан улам коронавирус өлкө аймагына жайылып кеткен. Сектанын кээ бир мүчөлөрүнүн январь айында Кытайдын Ухань шаарына барып келгени аныкталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, аталган өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 4812 адамга жетти. Алардын 28и көз жумган.

Буга чейин Сеулдун бийлиги "Храм скинии свидетельства Шинь-чонджи" сектасынын 12 лидерине каршы прокуратурага арыз жазган.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

510
Белгилер:
лидер, коронавирус, Түштүк Корея
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (866)
Тема боюнча
Түштүк Корея коронавирусту жайылткан сектанын лидерлерин сотко берди
Аэрофлоттун учагы. Архивдик сүрөт

ТИМ: Россиядан кыргызстандык дагы 45 дарыгер учуп келди

45
(жаңыланган 17:09 12.07.2020)
Россияга Кыргызстандан барып иштеп жүргөн реаниматолог, кардиолог, эпидемиолог, терапевт, медайымдардын ичинен 45 адам бүгүн Бишкекке келип конду. Алар оору каптаган мекенине жардам берүү үчүн сапар алган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Москвадан Бишкек шаарына учак менен 426 кыргызстандык келди, арасында медицина кызматкерлери да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү "Аэрофлот – Российские авиалинии" компаниясынын учагы борбор калаага келип конду.

"Москва — Бишкек каттамы менен КРдин 426 жараны мекенине кайтып келди. Алардын арасында 45 дарыгер бар. Россиядан келген ак халатчандар Кыргызстандагы кесиптештерине коронавирус, пневмония менен жабыркаган бейтаптарды айыктырууга жардамдашат", — деп айтылат маалыматта.

Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт

Буга чейин 25 дарыгер, 20 медайымдан турган топ өз ыктыяры менен көмөк көрсөтүүгө макул болгондугу жана алар Россияда реаниматолог, кардиолог, эпидемиолог, терапевт, медайым болуп иштеп жүргөндүгү кабарланган.

Андан сырткары, аталган каттам менен Россиядагы ЖОЖдордо окуган кыргыз студенттер, кош бойлуу аялдар, балалуу энелер, операция болгон бейтаптар жана жакындарын жоготкон адамдар да келди.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

45
Белгилер:
учак, дарыгер, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Москвадан 437 кыргызстандык учуп келди
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз
ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттери. Архивдик сүрөт

ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

53
(жаңыланган 16:00 12.07.2020)
Адатта Кытайдан келген көмүскө импорт Россияга Кыргызстан жана Казакстан аркылуу кирип, бул учурда алар бажы төлөмдөрүн кыйгап өтөт деп эсептейт серепчи.

Мария Науменко

Евразиялык экономикалык комиссия бул аптада өткөн жыйынында ЕАЭБ чек аралары аркылуу товар алып өтүүдөгү талаш маселелерди чечүү үчүн ыкчам комитет түздү.

Аталган биримдикке мүчө-өлкөлөр ортосундагы пикир келишпестиктерди чечүүгө мезгил жеткенин белгилешти кеңешменин катышуучулары. Атасак, ЕАЭБ ичиндеги чек араларда жүктүн көпкө текшерилиши, Россияга Беларусь менен Казакстан аркылуу санкциялык товарлардын реэкспорту жана Кытайдан келген көмүскө импорт өңдүү маселелер бар. Кайсы инструменттер бул көйгөйлөрдү чечүүгө көмөкчү болорун, аталган маселелердин келип чыгышына эмне себеп экенин Sputnik талдап көрдү.

"Жол картасы" жана жаңы комитет

Бул маселелер биримдик ичиндеги чек араларда бир өлкө аркылуу бөлөк өлкөгө өткөрүлчү жүктөрдү көзөмөлдөө иш-чараларынын киргизилгенине байланыштуу экенин билдирет Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Олег Панкратов.

Назаралиев: ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү биржа рыногу түзүлөт

"Бирдиктүү бажы жана экономикалык мейкиндикке мындай көзөмөл туура келбей турганын баарыбыз түшүнөбүз, бирок андай чараны колдонуунун жүйөлүү себептери бар (Кеп РФ тарабынан Россияга киргизүүгө тыюу салынган продукциялардын камтылып-камтылбаганын текшерүү жөнүндө болушу мүмкүн — ред.)", — деп кошумчалайт ЕЭК мүчөсү.

Азыр биримдикке кирген өлкөлөр ЕАЭБ ичинде жүктөрдү алып өтүүдөгү пикир келишпестиктерди чечүү боюнча "жол картасын" иштеп чыгууда. ЕЭКтеги ыкчам жөнгө салуу чараларына "санкциялык" товарларды идентификациялоо, навигациялык пломба колдонуу, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган импортту тескөө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы маалымат алмашуу маселелери кирери айтылат комиссиянын пресс-релизинде.

"Түзүлгөн кырдаал ички сооданын азайышына жана чыңалуунун жаралышына алып келерин түшүнгөнбүз. Ошондуктан комиссияда жогорку деңгээлдеги топту (ыкчам комитет – ред.) түзүү чечимин кабыл алышты. Ал талаш жагдайларды жөнгө салуу үчүн "жол картасын" бачым түзүп чыгат", — дейт Панкратов. "Жол картасы" мамлекеттердин кызыкчылыктарынын балансын табууга мүмкүнчүлүк берерин белгилейт ал.

"Бул чаралар чектөөлөрдү койгон өлкөлөр өз рыногуна андай товарларды киргизүүгө уруксат берүүгө кызыкдар болгудай тартипте түзүлмөкчү. Ал эми бул рынокко товар ташыган өлкөлөр өз аймагында бардык товарлардын "ак" экенин, бажы талаптарына жараша өткөрүлөрүн айгинелеген заманбап технологияларды болушунча тез киргизүүнү каалашты", — деп түшүндүрдү ЕЭК коллегиясынын мүчөсү.

Бакетаев: ЕАЭБге мүчө өлкө жетекчилери өз амбициясын эмес элди ойлошу керек

Министрдин айтымында, бул технологиялар ЕАЭБ бюджетине салык төлөмдөрүн толук төгүүнү жана өлкөлөрдүн бюджеттерине болгон салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.

Аталган ыкчам комитетти Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович жетектей турганы болжонууда. Ошону менен бирге эле жумушчу топко комиссиянын дагы беш министри: Гегам Варданян, Тимур Жаксылыков, Олег Панкратов, Виктор Назаренко жана Андрей Слепнев кирет.

Андан тышкары, комитетке ар бир өлкөдөн мамлекеттик бийликтин ички соода, бажы тармагы жана фискалдык төгүмдөргө жооптуу үч-төрт өкүлү кирмекчи. Квартал сайын жаңы орган өз иши тууралуу ЕЭК кеңешинде, зарыл учурда Жогорку экономикалык кеңеште отчет берет. Мындай чаралардан майнап чыгарына ынанышат серепчилер.

"Бир жагынан өлкөлөр эркин сооданын бирдиктүү аймагы болушуна кызыкдар. Баары бирдиктүү жалпы рынок түзөт. Бирок ошону менен бирге эле, албетте, мамлекеттер өз өндүрүшчүсүн коргоого далалат кылат. Талаш-тартыштын баары ушундан улам келип чыгууда", — деп эсептейт Россия Илимдер академиясынын ИМЭМО Постсоветтик иликтөөлөр борборунун улук илимий кызматкери Станислав Притчин.

Ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы айыл чарба продукциялары боюнча көйгөйлөрдү мисал келтирди.

"Кыргызстандык товарлардын эң жакынкы Казакстан рыногуна чыгарууга белгилүү бир чектөөлөр бар. Казак бийлиги өз өндүрүшчүсүн коргоого аракет кылып, айрым кыргызстандык товарларды сатууга тыюу салат", — дейт серепчи.

Айтымында, ыкчам комитетти түзүү — "ортодогу келишпестиктерди жое турган кадам". ЕАЭБ чек араларындагы көйгөйлөрдүн бүт топтому биримдиктин өтө тез өнүгүшүнөн улам келип чыккан деп эсептейт Станислав Притчин.

"Эгер Евразиялык экономикалык биримдик түптөлгөндөн берки азыркы интеграциялык баскычына чейинки жолду салыштырсак, Европа биримдиги бул деңгээлге жетүүгө ондогон жыл сарптаган. Алдыга озгон график менен бараткандыктан, өсүштүн да кыйынчылыктары болбой койбойт", — деп боолголойт эксперт.

Ички соода-сатыктагы көйгөйдү жоюу. ЕЭК бир катар чараларды сунуштады

Бул көйгөйлөрдү жоюу маселеси ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын кабыл алуу зарылдыгынан улам да пайда болду. Документ 19-майда эле Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында эле кабыл алынмак, бирок ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн президенттери ал толукталууга тийиштигин белгилешкен.

"Талаш жагдайларга тушуктурган көйгөйлөрдү чечүү стратегияда камтылган. Ошондуктан жумушчу топ 1-3 жылга болжонгон кыска мөөнөттүү иш-чараларга басым жасамакчы", — деп белгилейт министр ЕЭК Панкратов.

Электрондук чип коррупциялык тобокелдиктерди азайтат

Ыкчам комитеттин биринчи кезектеги милдети — дал маалында транспорттук каражаттардын орду жана кыймылына көз салган заманбап навигациялык пломбаларды киргизүү экенин белгилейт ЕЭК мүчөсү Олег Панкратов.

"Пломбалар коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле алар мамлекеттик көзөмөлдөөчү структуралар менен жүк ташуучулар бет келген учурларды да азайтат. Бул мамлекеттик фискалдык органдарга товар агымдарынын баарын онлайн режимде көз салып турууга жол ачат. Биринчи баскычта бул көп тобокел жараткан товардык агымдарга пайдаланыларын болжоп турабыз", — деп түшүндүрөт министр.

Эксперттик чөйрөдөгүлөр навигациялык пломбалар биримдикке мүчө-мамлекеттердин ортосундагы талаш маселелердин бир бөлүгүн чече аларына ынанышат.

Мигранттар которгон акчанын көлөмү май айында кескин өстү

"Азыр товарга коштомо кагазы гана бар, ал кагаз менен анын ташуу багытына көз салууга мүмкүн эмес", — деп белгилейт Притчин.

Пикир келишпестиктерди жоюуга транспорттук компаниялар үчүн мыйзам чыгаруу системасынын ачыктыгы жардамга келерин айтат саясат таануучу Дмитрий Болкунец.

"Түзөтүүлөрдү улам киргизе беришет, ал эми жүк ташуучулар алардан кабардар болбой калышы ыктымал. Бул көйгөй жаратып, мыйзам бузууга түртөт", — деген ойдо адис.

Анын пикиринде, өтө талаштуу учурларларда өлкөлөр Евразиялык экономикалык биримдиктин сотуна кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

"Евразиялык биримдиктин сотуна анын чечимдери сөзсүз аткарылууга тийиш болгудай ыйгарым укуктарды берүү зарыл. Азыр анын чечимдери сунуш гана иретинде. Бул – мындай талаш маселелерди чечүүдөгү соңку инструменттердин бири", — дейт Болкунец.

Санкция жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген кооптуу товарлар

Азыр биримдиктин рыногу үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган кооптуу товарлардан толук түрдө корголбогонун ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко билдирген. Себеби көп учурда чет өлкөлүк өндүрүшчүгө сериялык тастыктама негизсиз эле карматылат.

"Товардын ылайык келишин баалоо боюнча органдар жана текшерүүчү лабораториялар бар. Алар процедураларды туура эмес жүргүзүп, натыйжада негизсиз документтер берилет. Комиссияны айрыкча узак мөөнөткө – беш жылга берилген сериялык сертификаттар тынчсыздандырат", — дейт Назаренко.

ЕАЭБ өлкөлөрү кооптуу товарларга каршы төмөнкүчө күрөш жүргүзөрү күтүлөт. Өндүрүмдүн төп келишин баалоого өндүрүшчүнүн өкүлү эмес, өзү гана заявка тапшыра алат. Мындан сырткары, биримдикке мүчө-өлкөдө өндүрүшчүнүн ыйгарым өкүлү сөзсүз болууга тийиш. Ал өндүрүмдүн биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп беришине жоопкерчилик алат.

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды

Россияга Евробиримдиктен санкцияланган өндүрүмдөрдү ташуу да чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдөн. ЕАЭБде орток бажы зонасы бар. Россиялык рынокко европалык өндүрүмдөрдү ташууга коюлган чектөөлөргө карабай, ЕАЭБдин аймагына келген товарлардын баары эч тоскоолсуз айлана алат.

"Бул мүмкүнчүлүктү беларустук жана казакстандык ишкерлердин баары кызуу пайдаланышкан. Баштапкы багыты Казакстан же Беларусь деп көрсөтүлгөнү менен алар аягында Россиянын рыногуна чыгарылган. Кытайдан товар ташууда деле көйгөй ушул. Адатта КЭРден келген көмүскө импорт Казакстан жана Кыргызстан аркылуу бажы төгүмдөрүн кыйгап келип Россияга түшөт", — деп эсептейт Притчин.

Ушул тапта РФ рыногуна "санкциялык" ташууларды токтотуу үчүн Москвадагы транспорттук компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү маселеси каралууда.

53
Белгилер:
соода, товар, документ, көйгөй, Казакстан, Кыргызстан, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды
Медиктер. Архивдик сүрөт

Жүрөк жылытат. Карыяга акча чогулткандар медиктерге да жардам берди

0
(жаңыланган 18:19 12.07.2020)
"Тазалыктын" маалымат катчысы гармонь чертип жан баккан карыянын аспабын уурдап кетишкенин айтып, жаңысын алуу үчүн каражат чогулта баштаган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте кайрымдуу жарандар тарабынан улгайган кишиге гармонь алууга чогулган акча ашыгы менен жыйналды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева бир нече күн мурун калаадагы соода борбордун алдында гармонь чертип, тамак-ашына акча тапкан карыянын музыкалык аспабын уурдап кетишкенин жазган. Активисттер интернет аркылуу 5000 сомго гармонь табышкан. Мындан улам Каракеева акча чогултуп баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Жибек Каракеева (@jibek_karakeeva)

Натыйжада кайдыгер эмес адамдардан каражат ашыгы менен түшүп, жалпы суммасы 41 708 сомду түзгөн.

Ал эми Давлет аттуу шаар тургуну өзүнүн гармонун карыяга белек деп Каракеевага берип кеткен. Мындан улам аспапка кошуп ага 5000 сом накталай, 1527 сомго азык-түлүк алып барып беришкен. Калганын 15 медицина кызматкерине 2000 сомдон берип чыгышкан. Ошону менен бирге күндүзгү стационарларга миңден ашуун асма уколдун штативин жасаган "Тазалыктын" кызматкерлерине пицца алып берген.

Аягында 2 571 сом калган, аны медиктердин телефонуна сүйлөшүү үчүн акча сала турганын айтты.

0
Белгилер:
жардам, медик, акча, МП "Тазалык"
Тема боюнча
Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө