Клавиатураны тазалап тур. Кеңседеги вирустан арылуу жолдору

© REUTERS / STRINGERРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканаларда колдонулчу көк түстөгү жарык берчү кварц лампалары вирустарды "күйгүзүп" жок кылат. Ал эми кондиционер, тескерисинче, микроорганизмдер менен вирусту ары-бери сапырып, бат тарашына жардам берет.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кондиционер жана абаны нымдоочу каражаттар кеңсени вирустардан арылта албайт. Абаны тазалоонун эффективдүү ыкмасы тууралуу Sputnik радиосуна эколог Антон Ястребцев айтып берди.

"Ооруканаларда көк түстөгү жарык берчү кварц лампалары бар эмеспи. Алар вирустарды "күйгүзүп" жок кылат. Ал эми кондиционер, тескерисинче, микроорганизмдер менен вирустарды ары-бери сапырып, бат тарашына жардам берет. Албетте кварц лампаларын кеңседе пайдаланышпайт, бирок бул вирустан арылуунун жакшы ыкмаларынын бири", — деди Ястребцев.

Бирок адис бул нерсе абаны гана тазалай аларын кошумчалайт. Ал эми вирустар бир гана абада эмес, эмеректе, эшиктин кармоочторунда, клавиатурада, кызматкерлердин кружкаларында дагы болот. Андыктан офисти тазалоочулар ушул буюм-тайымдардын баарын сүртүп, кызматкерлер өз гигиенасына өзгөчө көңүл буруусу керек.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0