Россияда террордук уюмга мүчө делип Борбор Азиядан чыккандар кармалды

© Фото / ЦОС ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүРоссияда террордук уюмга мүчө делип Борбор Азиядан чыккандар кармалды
Россияда террордук уюмга мүчө делип Борбор Азиядан чыккандар кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы адамдарды согушкерлерге ресурстук жактан колдоо көрсөтүп турган деп кармады. Уюмдун башчысынын Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы айтылууда.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын Тверь шаарында Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринен чыккандар кармалды. Алар эл аралык террордук уюмга мүчө болгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык башкармалыгына таянып кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, уюмдун мүчөлөрү согушкерлерге ресурстук жактан колдоо көрсөтүп турушкан.

"Террордук уюмдун лидери Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышканы аныкталды", — деп жазылат маалыматта.

Бирок уюмдун лидери кармалганы азырынча тактала элек. Шектүүлөр Борбор Азиянын кайсы өлкөсүнөн келгени да белгисиз.

Террордук уюмга мүчө болуп, аларга көмөктөшкөнү үчүн кармалгандарга кылмыш иши козголду. Экстремисттердин ишмердүүлүгү тууралуу билип туруп күч түзүмдөрүнө маалымат бербей койгондорго да өзүнчө иш ачылды.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0