Коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө тез жайыла баштады. Акыркы маалыматтар

© REUTERS / HEO RANКоронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө тез жайыла баштады.
Коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө тез жайыла баштады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө кантип тарап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 5-март күнкү маалыматтарга караганда, COVID-19 коронавирусуна кабылгандардын саны 95 413 кишиге жетти. Бул боюнча Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтында жазылды.

Ал эми сакайып кеткендердин саны — 53 257, көз жумгандар — 3 285.

Ошондой эле акыркы күндөрү Кытайдын өзүндө эмес, Европа жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө вирус тез жайылып жатканы байкалууда.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0