БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Математикалык моделдөө дүйнөдөгү эпидемиялык абалдын кандай өнүгөрүн анализдеп жана божомолдоого мүмкүнчүлүк берерин Sky News Лондондогу гигиена жана тропикалык медицина мектебине (LSHTM) шилтеме берип кабарлады.
Эпидемиологдордун айтымына караганда, жаман дагы, жакшы дагы божомолдорду караш керек. Начар сценарийге коронавирус оңой менен жок болуп кетпей турганы кирет. Бул 2002-жылдагы сасык тумоо, тагыраагы, курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) сымал болушу мүмкүн. Абалды оорлоткон жагдай оорунун белгилеринин болбошу деп айтылууда.
"COVID-19 Азиядагы 2002-жылы чыккан катуу сасык тумоо сымал жок болуп кетет деп ойлобойбуз. Анда жуктуруп алгандардын баарын бөлүп, оорунун очогу жок кылынган", — деп салыштырган доктор Адам Кучарский.
Анын айтымына караганда, окуянын кандай өнүгүшү боюнча жакшы сценарий — бир нече айдын ичинде вакцина иштеп чыгуу. Эгер андай болсо, элге келерки жылдын аягына чейин берилет дешти.
LSHTM окумуштуулары дүрбөлөңгө түшпөгүлө деп өтүндү. Эгерде ага каршы күрөшүп, тиешелүү чараларды кабыл алса, COVID-19 пандемияга айланбайт дешти.