Идлибде террорчулар менен Түркиянын посттору аралашып кетти

РФ: Идлибде террорчулар менен Түркиянын посттору аралашып кетти

(жаңыланган 15:33 05.03.2020)
Генерал-майор Идлиб деэскалация аймагын түзүү боюнча Россия менен Түркиянын ортосундагы түзүлгөн макулдашуу иштеп жаткан маалда Москванын БУУга жана батыш мамлекеттерине жолдонгон расмий сурамдары жоопсуз калганын эскертти.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Түркия менен Сирия боюнча бир жарым жылга созулган Сочи сүйлөшүүлөрү террорчулардын райондору менен Түркиянын көзөмөлдөө посттору аралашып кетүүсүнө алып келди. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Сирия армиясынын согушкерлерге жооп иретинде жасаган соккусунан кийин "Хайят Тахрир Аш-Шам"* тобу Алепподон коопсуз аралыкка сүрүлүшү менен Идлибдеги абал "урунттуу учур" деп бааланат.

Конашенков 2018-жылы түзүлгөн Идлиб боюнча макулдашууну Батыш өлкөлөрү эле эмес, БУУ да колдоп чыкканын белгиледи. Генералдын айтымында, документтеги эң маанилүү учур Түркиянын террорчуларды тышкы чек арадан 15-20 чакырым ичкери киргизип, артиллериялык курал-жаракты да жеткирүүгө алган милдеттемеси болчу.

"Бирок анын ордуна 18 айдын ичиндеги аракеттердин натыйжасында БУУ тарабынан террордук деп расмий таанылган "Хайят Тахрир Аш-Шам", "Түркстандын ислам партиясы" жана "Хорас ад-Дин" топтору "ашкере кетпеген оппозициянын" согушкерлерин түндүктү көздөй, түрк чек арасына сүрүп салды", — деди Конашенков.

Анын айтымында, "тынч жашаган калк жана россиялык "Хмеймим" базасы күн сайын аткылоого дуушар болуп жатат".

Батыш Түркиянын аскерлерди Идлибге жайгаштыруусуна кайдыгер

Булардан тышкары, Конашенков Түркиянын Идлибге аскердик бөлүктөрүн жайгаштырса да Батыш эч нерсе көрбөгөн-билбеген тейде отурганын белгиледи.

Генерал-майор Идлиб деэскалация аймагын түзүү боюнча Россия менен Түркиянын ортосундагы түзүлгөн макулдашуу иштеп жаткан маалда Москванын БУУга жана батыш мамлекеттерине жолдонгон расмий сурамдары да жоопсуз калганын эскертти.

Конашенковдун айтымында, февралдын башынан бери Батыш Дамаскини "согуштук кылмышка", "гуманитардык катастрофага" жана Идлибдеги "миллиондогон качкындардын агымына" айыптап жатат. Ал эми Сириянын өкмөттүк армиясынын бардык бөлүктөрүн жок кылуу жана М5 автотрассасын террорчулардын карамагына кайтарып берүү боюнча ачык коркутуулар АКШ менен Европада "Анкаранын коргонууга мыйзамдуу укугу" катары кабылданууда.

Идлибдеги кырдаалдын курчушу

"Хайят Тахрир аш-Шам"* уюмунун террорчулары 27-февраль күнү сирия армиясына чабуул баштаган. Өкмөттүк күчтөр жооп кайтарган болчу. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аткылоого ал жерде жүрбөшү керек болгон түркиялык аскерлер да тушуккан.

Натыйжада Түркиянын 36 аскери каза тапканы айтылды. Россиялык тарап сирия армиясынын аткылоосун токтотуп, көз жумгандардын сөөгү менен жарадар болгондорду Түркиянын аймагына эвакуациялоого шарт түзүп берген. Коргоо министрлиги аталган аймакта россиялык авиация колдонулбаганын белгиледи.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров Анкара Идлиб боюнча бир катар милдеттемелерин аткарбай койгонун айткан болчу. Мында Түркия оппозициянын өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр бөлүгүн террорчулардан бөлбөй койгону айтылды.

2018-жылдын 18-сентябрында Россия менен Түркиянын ортосундагы макулдашуу эки президенттин жолугушуусунан кийин түзүлгөн. Анда Идлиб аймагындагы бардык террордук радикалдык топторду 2018-жылдын 15-октябрына чейин чыгаруу милдетин алып, Түркия аскерлерине артыкчылыктуу укуктар берилмек.

Мындан тышкары, документте аталган аймактын чек арасында "согуштук аракеттерди токтотууну камсыздоо үчүн натыйжалуу чаралар" көрүлөрү белгиленген. Ал эми меморандумдун жетинчи пунктунда бул райондо Россия менен Түркиянын биргеликте көзөмөл жүргүзүүсү каралган болчу.

* — тыюу салынган топтор

 

Белгилер:
армия, согуш, аймак, террорчулук, Идлиб провинциясы, Сирия, Түркия, Россия
Тема боюнча
Трамп АКШ Афганистандагы аскерлерин токтоосуздан чыгарып кетерин айтты
Сирияда 400гө жакын кыргызстандык бала мекенине келе албай жатат
Аткаминерлер. Архив

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

(жаңыланган 22:06 14.04.2021)
КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болот. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:

  • Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли мажлисинин төрайымы;
  • Арарат Мирзоян — Армениянын парламентинин төрагасы;
  • Маулен Ашимбаев — Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы;
  • Талант Мамытов — Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • Зинаида Гречаный — Молдованын парламентинин төрайымы;
  • Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы.

Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.

Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери Шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат.

16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.

Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.

Белгилер:
Россия, маселе, жыйын, төрага, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы
Тема боюнча
ЖКнын VI чакырылышына 185 мандат берилди, 65 депутат кайдан келди. Инфографика
УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга учат

(жаңыланган 19:46 14.04.2021)
Иш-чаранын катышуучулары коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелерин талкуулай турганы айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин делегациясы төрага Талант Мамытовдун жетектөөсү менен Санкт-Петербургга учат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, төрага КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышат.

Пленардык жыйында коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле Мамытовдун бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Белгилер:
Россия, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы, Талант Мамытов, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек