203 кг болгон англиялык киши эки эсе арыктап, сыры менен бөлүштү

© AFP / MANAN VATSYAYANAПроблемы с ожирением населения в Куала-Лумпуре
Проблемы с ожирением населения в Куала-Лумпуре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече жыл мурда дарыгерлер ага калган убактысын ушинтип компьютердин маңдайында өткөрө турган болсо, 35 жашка чейин гана жашарын айтышкан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Англиянын 203 килограмм салмактагы тургуну эки эсе арыктап, дени сак жашоо образы боюнча инструктор болду. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазды.

36 жаштагы Дэвид Брейкер бир күндө 14 саат компьютердик оюндарды ойночу. Түшкө чейин уктап, түштөн кийин оюнуна киришчү. Мындай жашоо образы анын ден соолугуна залакасын тийгизип, Брейкер 203 килограммга чейин семирип кеткен.

"Оюнга берилип кетсең жумушка баруу, үй-бүлөң менен убакыт өткөрүү деген нерсе экинчи орунга чыгып калат экен", — деген Брейкер.

Проблема лишнего веса в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
40 жаштан кийин арыктоого жардам берген азыктар аталды
Бир нече жыл мурда дарыгерлер ага калган убактысын ушинтип компьютердин маңдайында өткөрө турган болсо, 35 жашка чейин гана жашарын айтышкан. Ушундан кийин Брейкер жашоо образын өзгөртүүнү чечкен.

"Ал туура тамактанып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап 32 килограмм салмак таштаган. Андан кийин ашказанын кичирейтип операция жасаткандан соң дагы бир топ арыктаган. Жыйынтыгында ал 114 килограмм болуп калды", — деп жазылат маалыматта.

Башынан өткөргөн окуялардан улам ал башкаларга да жардам берүүнү чечип, туура тамактануу, дени сак жашоо образы боюнча сабактарды өтө баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0