Соңку 10 жылдагы эң популярдуу үч жазуучу аталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүШаардык университеттин китепканасы. Архив
Шаардык университеттин китепканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди LiveLib аталышындагы аналитикалык китеп порталы чыгарган. Анда интернет колдонуучулар кайсы жазуучунун чыгармасын көп окуй турганына карап баа берилген.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Гарри Поттер аттуу сыйкырчы бала тууралуу романдын автору Жоан Кэтлин Роулинг 2010-2019-жылдар аралыгындагы эң популярдуу жазуучулардын рейтингинин сап башына чыкты. Мындай жыйынтыкты LiveLib аталышындагы аналитикалык китеп порталы чыгарганын РИА Новости жазды.

Владелица интернет-магазина Wildberries Т. Бакальчук стала второй женщиной-миллиардером в России - Sputnik Кыргызстан
1,4 млрд. доллары бар экен. Россиядагы эң бай аялдын ким экени айтылды
Маалыматка ылайык, Роулинг Гарри Поттер тууралуу романды 1997-2007-жылдары жазып, чыгарма 60тан ашык тилге которулган. Китепти сайттан 419 миңден ашык киши окуган. Акыркы жылы окурмандардын саны 52 миңге өскөн.

Интернет колдонуучулар Роулингдин Гарри Поттеринен тышкары "Фантастические твари и где они обитают", "Сказки барда Бидля" жана "Случайная вакансия" чыгармаларын да окушкан.

Рейтингде экинчи орунду Эркюль Пуаро аттуу детектив жөнүндө сериялары менен таанымал англиялык жазуучу Агата Кристи алган. Анын "Десять негритят", "Убийство Роджера Экройда", "Убийство на Рождество" жана башка чыгармалары дагы элдин купулуна толгон.

Үчүнчү сапка Макс Фрай каймана аты менен чыгарма жараткан заманбап жазуучу Светлана Мартынчик илинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0