Индияда өспүрүмдүн ашказанынан 3 кг чач алып чыгышты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековОрууканада капельница алып турган жаш кыз. Архив
Орууканада капельница алып турган жаш кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15 жаштагы Шивани өзү теңдүүлөрдөн бир топ арык болгон. Ооруканадан текшерүүдөн өтүп жатканда анын ичинде топтошуп, катып калган чачтар бар экендиги аныкталган.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Индиянын Уттар-Прадеш штатында жашаган өспүрүм кыздын ичинен дарыгерлер операция жолу менен 3 килограмм чачты алып чыгышты. Бул туурасында Newsflare басылмасы жазды. 

15 жаштагы Шивани өзү теңдүүлөрдөн бир топ арык болгон. Ооруканадан текшерүүдөн өтүп жатканда анын ичинде топтошуп, катып калган чач бар экендиги аныкталган. Дал ошол нерсе кыздын тамак сиңирүүсүнө тоскоолдук жаратып, салмак кошпой келген.

Шивани бала кезинен тарта чачтарын жей бергени белгилүү болгон. Дарыгерлер кызга жаман адаттан арылышы керектигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0