Коронавирус Кытайда басаңдап, дүйнөнүн башка жактарында көбөйө баштады

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүТроллейбустун салонун дезинфекциялоо. Архив
Троллейбустун салонун дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-март күнү эртең менен вируска кабылгандардын саны 106 034кө жетти. Алардын арасынан 3594ү көз жумуп, 59924 киши сакайып кетти.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. COVID-19 коронавирусун бир күндүн ичинде дүйнө жүзү боюнча төрт миңдей киши жуктуруп алды. Алардын көбү Италия, Түштүк Корея жана Иран мамлекеттеринде экенин Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка таянып айтууга болот.

Аял медициналык маскачан эл аралык аэропортунда жүргөн убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Таласта коронавирус жуктургандар аныкталды деген билдирүүнү төгүндөдү
Мисалы, Италияда коронавирус жуктургандардын саны 7-март күнү 4636 болсо, бүгүн 5883кө жетти. Түштүк Кореяда бул көрсөткүч 6767ден 7134кө, Иранда 4747ден 5423кө көтөрүлдү. Ошондой эле вируска кабылгандар Франция (949 киши) менен Германияда (800 киши) көбөйүп кеткенин көрүүгө болот.

Ал эми коронавирус башталган Кытайда абал бир аз турукташып калды. Тагыраагы, бир нече күндөн бери жуктургандардын саны 80 миңден аша элек. 2-март күнү көрсөткүч — 80 026 болсо, 7-мартта — 80 651 болду. Ал эми бүгүн — 80 695.

Жалпысынан айтсак, 8-март күнү эртең менен вируска кабылгандардын саны 106 034кө жетти. Алардын арасынан 3594ү көз жумуп, 59924 киши сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0