Рубль мунай баасынын түшкөнүнөн улам арзандап кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын мартында доллардын эң жогорку деген баасы 72,4 рублге чыккан, ал эми евро 2016-жылдын март айынан тарта 82,2 рублди чапчыды.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Дүйнөдө мунайдын баасынын арзандашынан улам рублдин наркы доллар менен еврого карата 30 пайызга түшүп кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Мунайдын дүйнөлүк баасынын ылдыйлашы Россиянын аталган продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн азайтуудан баш тартпаганы менен байланыштуу.

"Роснефть" компаниясынан ОПЕК+ менен болгон келишимде араб жана орустун арзан мунай затынын көлөмүн америкалык кымбат серьего алмаштыруу каралган.

"Албетте ушул турган шартта деле өнөктөштөр менен кандайдыр бир макулдашууга жетүүгө болмок. Бирок айтылган сунуш өнөктөштүн жасай турган иши болгон жок. Болгону биздин көлөм атаандаштардын көлөмү менен толтурулуп жатат... Бул деген мазохизм", — дешкен компаниянын маалымат кызматынан.

Трамп Роснефтиге киргизген санкциясын өнөктөштөрдү жүдөтүү үчүн колдонот - Sputnik Кыргызстан
Трамп "Роснефтиге" киргизген санкциясын өнөктөштөрдү жүдөтүү үчүн колдонот
Россиянын энергетика министри Александр Новактын айтымында, ОПЕК менен түзүлгөн келишим 2020-жылдын 1-апрелинен тарта күчүн жоготот. Бул ага катышкандар эч кандай милдеткер болбой, мунай затты өндүрө алат дегендик.

Дүйнөлүк биржалар баанын төмөн түшүп кетиши менен ачылды. Эксперттер бир баррелдин баасы 40 доллардын тегерегинде болот деп күткөн. Бирок Brent продукциясы үчүн соодалашуу 31,43 доллардан башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0